БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Дарига Назарбаева Казакстан парламенти Сенаттын (жогорку палата) депутаты болуп дайындалды. Бул тууралуу "Новости-Казакстан" маалымат агенттиги жазып чыкты.
"Назарбаева Дарига Нурсултановна Казакстан Республикасынын Парламент Сенатынын депутаты болуп дайындалсын", — деп жазылат президенттин жарлыгында.
Буга чейин Дарига Назарбаева Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары болуп келген. 8-сентябрда мурунку премьер-министр Карим Масимов өлкөнүн улуттук коопсуздук комитетин жетектеп, анын ордуна Бакытжан Сагинтаев дайындалган.
Сенат — Казакстан парламентинин жогорку палатасы. Анда 47 орун бар. 15 сенаторду президент өзү дайындайт, 32си маслихаттардын (жергиликтүү бийлик органдары) жыйынында шайланат.