БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Эсен Калиев Рио шаарында өтүп жаткан паралимпиядалык оюндарда пауэрлифтинг боюнча бешинчи орунду алды. Бул тууралуу турнирдин расмий сайты билдирет.
Биринчи орунду 200 килограммдык оордукту көтөргөн нигериялык Эзуруке Роланд алса, экинчи орунду 170 килограмм салмакты көтөргөн кытайлык Ванг Цзина, үчүнчү орунду грециялык Бакочристос Димитриос ээледи. Ал 162 килограмм көтөрө алды.
Эскерте кетсек, Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев (пауэрлифтинг) жана Арстанбек Базаркулов (жеңил атлетика) барган.
Паралимпиада оюндары — ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарын спорттук мелдеши. Мында спорттун 22 түрү боюнча 528 медалдын комплектиси ойнотулат.