00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Create4 Design в Бишкеке: креативный бизнес КР обсудит ИИ, этику и новые профессии
08:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мамлекеттик башкаруу академиясы: илимий потенциал жана санариптик трансформация
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Академия наук сможет тратить заработанные деньги: беседа об инновациях в научной сфере
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан жумушчу күчүнүн жетишсиздигине туш болууда — бийлик бул боюнча кандай чараларды көрүүдө?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Наука как госстратегия: китайский путь к технологическому лидерству — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом или навыки: проректор СКФУ — о том, каким должно быть образование сегодня
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдарды туура тарбиялайлы: Сөгүнүүнүн адам жашоосуна тийгизген таасири
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стопкадр
Документалдык кинонун бүгүнкү абалы: билим берүүдө көйгөйлөр жана жетишкендиктер
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Безопасная весна: Джумадиль Шералиев об усилении патрулей в парках и зонах отдыха Бишкека
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Паралимпиада катышуучусу Эсен Калиев: операциядан кийин 9 жашымда баскам

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСПаралимпиада катышуучусу Эсен Калиев (төртүнчү сол жактан). Архив
Паралимпиада катышуучусу Эсен Калиев (төртүнчү сол жактан). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу мелдешке бүгүн Бишкек убактысы менен саат 22.00дө чыгат. Cпорттук баяндамачы Кабыл Макешов Калиевди жана анын машыктыруучусун таймаш алдында эки ооз кепке тарткан.

Рабочий подметает площадь перед открытием летних паралимпийских игр 2016 на пляже Копакабана в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Паралимпиада оюндары: ооруну жеңген майыптар
33 жаштагы Эсен Калиев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айылында төрөлүп, учурда ата-энеси Кара-Балта шаарында турат. Бишкекте иштеп, пауэрлифтинг — чалкасынан жатып оордук көтөрүү боюнча 15 жылдан бери машыгат. 

— Спортко бала кезимен эле кызыгып, спортчу болуп дүйнөнү кыдырып келсем деп кыялданчумун. Бирок бутумдун ооруганынан улам "мен кантип барып келем, бара аламбы" деген суроолорго жооп издей берчүмүн. Панфилов жатак мектебин аяктагандан кийин Бишкектеги финансы техникумунда 2-курста окуп жүргөндө спорт залга бара баштадым. Ушундай эл аралык деңгээлге чыгам дебесем да жүрөгүмдүн түпкүрүндө бир ишеним бар болчу. 

— Алгачкы ийгиликтер кандай башталды?

— 2002-жылы эң биринчи таймашууга чыгып, 80 килограмм оордукту көтөрүп, жеңил салмакта 1-орунду алгам. Ушундан кийин өзүмө ишеним пайда болгон. Ал кезде салмагым 48 килограмм болчу. 

Экинчи жолу да ошондой болду. Үчүнчүсүндө 110 килограмм оордукту көтөргөм. Азия, дүйнө биринчиликтерине катышып, Лондон жана Рио паралимиадалык оюндарына жолдомо алдым. Албетте, мында машыктыруучум Аднан Жабраиловдун эмгеги чоң. 

Бишкек шаардык спорт комитетинин жана Аднан Жабраиловдун жардамы менен Калиев 2012-жылы дүйнөлүк мелдешке катышып, Лондон паралимпиадасына жолдомо алып, 10-орунду алып келген. Андан бери Эсен Калиев 14 жолу Кыргызстандын чемпиону болду, дүйнөлүк балбандардын деңгээли боюнча 10 мыктынын катарында турат. Быйыл дүйнө кубогун утуп, алтын медаль тагынды.10 ирет өлкөнүн рекорддун жаңырты.

— Бир мүчөсү кем эмес, сопсоо туруп эле спорт менен машыгууга көптүн мойну жар бербейт…

— Спортко келип калышыма бутумдун майып болуп калышы себеп болду окшойт. Бутум соо болсо мындай деңгээлге жетмек эмесмин. Башында өзүмдү өзүм бекем кармап, өзүмдү жакшы алып жүрөйүн, башкаларга үлгү болоюн деп машыга баштагам.

— Бутту дарылоого аракеттер болду беле?

— Мен 9 жашка толгонго чейин ата-энем ооруканадан ооруканага тынбай каттап жүрүп, бутума операция жасаттырып түздөткөндөн кийин баскам. Кээде эгер ошол операция азыркы система менен жасалса, балким кадимкидей басып калат белем деп ойлонуп кетем. Бирок ушуга да Кудайга шүгүр, отуруп калбай басып жүргөнүмө сүйүнөм. Менин дагы бир кубанычым — түгөйүм Асандын бат-бат телефон чалып менин ал-жайымды сурап, ийгилигиме кубанып, колдоп турганы. 

Машыктыруучусу: Лондонго жалгыз кетти эле, эми Риого мен коштоп жүрөм 

Калиевдин машыктыруучусу Аднан Джабраилов көптү үмүттөндүргөн өжөр, эмгекчил окуучусу менен 14 жылдан бери бирге иштешип ата-баладай болуп калганын айтат. 

Паралимпиадалык оюндар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Паралимпиадалык оюндардан четтетилген россиялык спортчуларга өзүнчө турнир башталды
— Чынын айтсам, 2012-жылы Лондон паралимпиадасына даярдык үчүн мамлекет каражат бөлгөн жок. Паралимпиадага даярдыгыбыз жакшы болчу, жок дегенде, 5 же 6-орунду алабыз деген үмүтүбүз бар эле. Бишкек шаардык спорт комитетинин жардамы менен Орусияга барып, машыгып келгенбиз. Эсен ошол машыгуу учурунда 160-165 килограмм оордукту оңой эле көтөрүп жүргөн. Бирок Лондондо эмне үчүн ийгиликке жетпей калганын билбейм. Себеби Лондонго жалгыз өзү, устаты же дарыгери жок барды. Эсен өзү майып болсо, араң басып жүрсө, Лондондо кандай болот деп кабатыр болуп калып калган элем. Бирок жакшылыктан үмүт үзбөй эми минтип Рио Паралимпиадасына Эсен менен Жыргалбек эки шакиртим жолдомо алып, өзүм коштоп баратам. Бардыгы Жараткандын колунда, Эсен менен Жыргалбек таланттуу, өжөр жигиттер. Балким байгелүү орундарга илинип да калышыбыз ыктымал. 

Эскерте кетсек, Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев (пауэрлифтинг) жана Арстанбек Базаркулов (жеңил атлетика) барган.

Паралимпиада оюндары — ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарын спорттук мелдеши. Мында спорттун 22 түрү боюнча 528 медалдын комплектиси ойнотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0