БИШКЕК, 6- сен — Sputnik. Кабулдагы жардырууда каза болгон жана жабыр тарткандардын ичинде кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ, 5-сентябрда Кабулдун Коргоо министрлигинин жана ИИМ имаратынын жанында үч жардыруу болуп, анын кесепетинен 90 адам жаракат алып, 30 адам каза тапкан.
Афганистандагы Кыргызстандын элчилигинин маалыматына ылайык, терактылардан жабыр тарткандардын жана каза болгондордун арасында КР жарандары жок.
Элчилик Кабулда жашаган кыргызстандыктар менен тыгыз байланышта экенин белгилейт.