— Сынактын финалы жакындап баратат, толкунданып жатсаңар керек?
Азырынча даярдык көрүп, фотосессия, маалымат жыйындарды өткөрүп жатабыз. Эки шаарга барып журналисттер менен жолуктук. Бүгүн жергиликтүү немис каналдар тартып кетти, кечинде теледен көрсөтүшөт.
— Тамак-аш жагы кандай болуп жатат?
— Ашкере тамак жок, бирок тойгузуп жатышат. Көйнөккө баткыдай болуш керек да…
![Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова башка катышуучулар менен Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова башка катышуучулар менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102878/30/1028783076_0:164:1274:963_600x0_80_0_0_fbc95326580aa1308afade5c3d439952.jpg)
![Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова италиялык бийкеч менен Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова италиялык бийкеч менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102878/07/1028780714_0:0:1277:803_600x0_80_0_0_ae1c3a64f5441023e78f94027b43c6b5.jpg)
![Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова ямайкалык жана мальталык бийкечтер менен Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова ямайкалык жана мальталык бийкечтер менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102878/30/1028783084_0:18:1023:661_600x0_80_0_0_9ebcbee3ab146a1154e9bd701ed4a264.jpg)
![Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова таиланддык бийкеч менен Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова таиланддык бийкеч менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102878/30/1028783090_0:88:960:691_600x0_80_0_0_770c06ffe35747f58b567b5c1b638928.jpg)
— Сынактын катышуучусу болуу үчүн эмне кылыш керек?
— Эл аралык сулуулар конкурсуна катышуу үчүн тажрыйба, англис тилин билүү, анан албетте жарашыктуу келбетиң болуш керек. Бирок кээде белгиленген талаптан катышуучунун дарамети жогору же тескерисинче төмөн болушу мүмкүн. Баары конкурсанттардын каалоосуна жараша болот.
— Оорчулугу эмнеде?
— Керели кечке бийик такалуу туфличен басып жүрүү, терс маанай менен көралбастык. Кийген кийимиң кээде тынчыңды алат. Кимдир бирөөлөр бут кийимиңди же көйнөгүңдү катып коет, издеп жүрө бересиң…
![Участница конкурса красоты Top Model Of The World – 2016 модель из Кыргызстана Бегимай Карыбекова Участница конкурса красоты Top Model Of The World – 2016 модель из Кыргызстана Бегимай Карыбекова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102878/07/1028780783_0:0:800:967_600x0_80_0_0_41f5ee9d9691720b8da35eca66c2d4fb.jpg)
— Көралбагандар көппү?
— Билбейм. Каратып туруп айтылган мазактаган сөздөрдү кабыл алуу өтө кыйын.
— Башкы байгеге эмне коюлган?
— 10 миң доллар жана бир жылга түзүлгөн келишим. Анан, албетте, демөөрчүлөрдөн белектер болот. Көп күч-аракет керек.
— Сулуулар сынагы тууралуу көп сөз айтылып келет: кээде кыздарды сатып алууга аракет кылышат имиш?
— Билбейм, балким айрымдар мындай кырдаалга туш болгондур, мен күбө болгон эмесмин.
![Участница конкурса красоты Top Model Of The World – 2016 модель из Кыргызстана Бегимай Карыбекова Участница конкурса красоты Top Model Of The World – 2016 модель из Кыргызстана Бегимай Карыбекова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102878/32/1028783290_0:0:768:960_600x0_80_0_0_ad2ca07ceb71f23cb055c6757f0fdaa0.jpg)
— Сынакка катышып жаткан кыздардын дене-мүчөсү табигыйбы? Дегеним, азыр көз, сурма, бут-кол — баарын жасап алууга болот да…
— Мен пластикадан алысмын. Ооба, сулуу болуш үчүн бычак алдына жаткан кыздар көп кездешет. Бирок мага табият өзү ыроологон сулуулугум жетиштүү.
— Калыстар катышуучуларга катаалбы?
— Жок, калыстардын баары жардамга даяр, кеп-кеңешин берип турушат. Мындай сынактарда башкысы — мекендештерди жана жакындарды колдоо. Мисалы, мага Германияда жашаган эжем аябай жардам берип жатат. Конкурстан кийин бир жумадай мейманчылап кетем го.
![Модель Бегимай Карыбекова которая представит Кыргызстан на конкурсе красоты Top Model Of The World – 2016 Модель Бегимай Карыбекова которая представит Кыргызстан на конкурсе красоты Top Model Of The World – 2016 - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102850/82/1028508262_0:0:852:1280_600x0_80_0_0_a08c598ae712b8f074c2f5739c45e105.jpg)
— Кыргызстанга келгенден кийин эмне кыласыз?
— Туулган күнүмдү өткөрөм, таттуу-тарападан мол сатып алып, туугандарымдын баарын чакырам.
— Мен болгону 18 жаштамын. Экинчи курста окуйм. Бош учурларда үйдө болуп, тоого барып эс алууга аракет кылам. Азыр окуум менен жумушума көп убактым короп жатат. Андыктан кээде эч нерсе кылбай эс алам. Ар кандай курстарга барып, спорт менен машыгам, психология боюнча китеп окуганды жакшы көрөм.