БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Шаршемби күнү Бишкекте "Бикини сулуусу-2016" конкурсу өтүп, финалда 13 сулуу биринчи орун үчүн ат салышты. Конкурстун жыйынтыгы менен 16 жаштагы Саадат Асылбекова жеңүүчү деп табылды.
Жеңиш ээси Sputnik Кыргызстан агенттигине өзүнүн пландары менен бөлүштү.
— Сизди жеңүүчү деп атаганда кандай сезимге туш болдуңуз?
— Конкурсту жеңип алам деп ойлогон эмесмин, атаандаштарым абдан күчтүү болчу. Андыктан таажы мага тиет деп эч ойлогон эмесмин. Алдыңкы беш сулуунун катарына кирсем эле болду деп жаткам. Башында ишенбей, кийин аябай кубандым. Бул жеңишти апама арнайм. Мени колдогон жакындарыма рахмат айтам.
— Эми кандай пландарды куруп жатасыз?
— Шанхай шаарында сентябрда боло турган "Мисс Бикини Universal" эл аралык конкурсуна даярданам. Ошондой эле мектепке дагы даярданышым керек. Окуу 20-августта башталат.
— Эң негизги кыялыңыз эмне?
— Эл аралык деңгээлдеги эң мыкты модель болуу. Ал үчүн эки жылдан бери даярдыктарды көрүп келем.
— Мындай сулуу кыздын артынан чуркагандар көп болсо керек. Жигитиңиз кандай сапаттарга ээ болушу керек?
— Азыр сүйлөшкөн жигитим жок. Негизинен менин жигитим жөнөкөй болуп, адамкерчиликтүү, мээримдүү болсо жетиштүү.
— Жеңишке жеткенден кийин жылдыз оорусун өзүңүздөн байкай алдыңызбы?
— Жок. Тескерисинче мага аябай көңүл бурулушун каалаган жокмун. Жылдыз оорусу менен оорубайм деп айта алам.