Спорт дарыгери чучук менен тамекиде стрихнин допинги бар деген божомолго жооп берди

Жазылуу
Иззат Артыковдун Олимпиадалык оюндардан жеңип алган медалы кайтарылып алынганда бүткүл кыргызстандыктар стрихнин тууралуу билип калышты. Стрихнин азык-түлүк менен тамекинин курамында бар деген божомолдор пайда болгон. Спорттук дарыгер Sputnik Кыргызстан агенттигине препарат тууралуу маалымат берди.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Спорттук арбитраждык сот оор атлетчи Иззат Артыковду коло медалынан ажыратты. Спортчу тапшырган тесттин жыйынтыктары тыюу салынган стрихнин допинги бар экенин көрсөткөн. 

Девушка держит портрет тяжелоатлета Иззата Артыкова, фото со страницы твиттер - Sputnik Кыргызстан
Интернет Иззат туурасында: жалган доомат, көз тийди, Атамбаев жардам бериңиз!
Коло медаль Кыргызстан үчүн быйылкы Олимпиадалык оюндардагы биринчи сыйлык болуп эсептелет. Спорт мамлекеттик агенттиги чечимдин үстүнөн даттанууга камынып жаткандыгын, допинг тестти кайрадан өткөрүүнү талап кыла тургандыгын билдирди. Казакстандын Спорттук медицина федерациясынын президенти Берик Саттаклышов стрихнин деген эмне жана анын азык-түлүк менен тамекинин курамында бар-жогун айтып берди. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги эң мыкты ата мекендик спорт багытындагы медицина кызматкерлери улуттук курама топ менен кошо Риого кетип калышкандыктан чет элдик адиске кайрылды. 

Стрихнин деген эмне? 

Стрихнин — тропикалык аймакта өскөн чилибуха дарагынын мөмө данегиндеги алкалоид. 0,005 граммы адам организмин уулантып, дем алуусун токтотууга жөндөмдүү келет. Борбордук нерв системасын козутуучу каражаттардын катарында. Медицинада тез чарчагандарга, шал оорусуна кабылгандарга кошумча күч берүү максатында пайдаланылуучу "Стрихнин нитраты" дары каражаты катары колдонулат. Бирок дарыгелер тарабынан өтө сейрек сунушталат.

Стрихнин допингге киреби?

Спортто организмге берүүчү кыйыр таасиринен улам кеңири болбосо да, аны колдонгон учурлар кездешет. Дүйнөлүк антидопинг агенттиги тарабынан тыюу салынган каражаттын тизмесине киргизилген.

Насвай же чучуктун курамында барбы?

Азык-түлүктүн курамында кездешет деген маалымат жок, андыктан так маалымат берүү мүмкүн эмес. Чучукта стрихнин болбойт. Ал эми насвайдын курамы жана аны даярдоонун ыкмасы анча дайын болбогондуктан, курамында аталган каражаттын бар-жогун айтуу кыйын. Насвайды жасоодо стрихниндин пайдаланылганын лабораториялык иликтөө гана аныктай алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0