БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкө боюнча күн күркүрөп, жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн. Ал эми күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 18…20 градус, күндүз 31…33 градус ысык болушу күтүлөт. Ош шаарында жаан жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн 18…20, ал эми күндүз 32…34 градус ысык болот.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
15-17-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.