БИШКЕК, 14-авг. – Sputnik. Ишембиге караган түнү Кыргызгидрометтин көрсөтмөсү туура чыгып, асманда булут аз болду. Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, "Ала-Арча" улуттук паркына барып, жылдыз жааган түнгө күбө болуп келди.
Белгилей кетсек, буга чейин 12синен 13үнө караган түнү Жер Свифта-Туттля кометасынын чаңдуу изине түшөрү кабарланган. Окумуштуулар саатына 200гө чукул жылдыздын учары күтүлүп жатканын айтышкан.
Фотограф Алексей Боковдун айтымында, шаардагы жарыктар жаап жаткан жылдыздарды тартууга тоскоолдук жаратты.
"Шаардын жарыгынын тоскоолдугуна карабай жаап жаткан жылдыздарды тартып алууга мүмкүнчүлүк болду. Асманда бир дагы булут болгон жок. Ошондуктан Оруу-Сай капчыгайынан сүрөт тартууга ыңгай түзүлдү. Буга чейин Ала-Арча капчыгайынан да жаап жаткан жылдыздарды тартып алгам", — деди Боков.
Учкан жылдыздар — планеталар арасындагы анча чоң эмес бөлүкчөлөр, булардын көлөмү кумдан тарта буурчакка чейин болот. Алар жердин атмосферасына кирип секундасына 20 чакырым ылдамдыкта учуп, тез эле күйүп кетишет. Бул алыстан караганда абдан кооз көрүнөт.
Ал эми эл арасында асманда жылдыз учканда калоо-тилегиңди айтып жетишип калсаң аткарылат деген ишеним айтылып келет.