Иззат Артыков 69 килограмм салмак категориясында 339 килограммдык (151+188) штанганы көтөрө алды.
Ал эми алтынды кытайлык спортчу Ши Чжион илип кетсе, күмүш түрк спортчу Данияр Исмаиловдун багына буюрду.

Иззат Артыков 69 килограмм салмак категориясында күч сынашты

Жалпы эсеп боюнча Иззат балбан 339 килограмм көтөрүп, үчүнчү орунду багынтты

Артыков Риодогу Олимпиада оюндарына жолдомону Ташкентте утуп алган

Спортчу 23 жашында Азия чемпиону болуп, мындан тышкары Кыргызстандын рекордун жараткан

Оор атлетчи түртүп көтөрүүдө 155 килограмм жана жулкуп көтөрүүдө 188 килограммды көтөрө алды

Спортчу 2-классынан бери спорт менен машыгып келет

Маңдай тер төгүлгөн мээнеттин акыбети кайтканда

Ийгиликтин даамы. Жеңишке жеткен Артыковдун кубанычында чек жок

Ал эми алтынды кытайлык спортчу Ши Чжион илип кетсе, күмүш түрк спортчу Данияр Исмаиловдун багына буюрду.

Алакан кыса куттукташуу

Чемпионду үйүндө кош бойлуу келинчеги жана бүткүл кыргыз журту күтүп жатат