Эгемендүүлүк күнү Бишкекте 3D-форматында белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын желеги. Архив
Кыргыз Республикасынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн негизги майрамын уюштуруучулар эсте каларлык шоу-программаны жасоого ниеттенип жатышат. Аны уюштурууга эки миң киши тартылат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн Бишкекте 3D-форматында белгилөөгө ниеттенип жатышат. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясынын башкы директорунун орун басары Акимбек Текешов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Аталган дирекция Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын өткөрүү боюнча иш-чараларга жооптуу мекемелердин катарына кирет.

Согуш арагерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Энелер күнүбү же Мекен коргоочуларбы? Өлкө кайсы майрамга көбүрөөк муктаж
"Өлкөнүн башкы майрамында биз борбордук аянтта кызыктуу, бардыгынын купулуна толгон шоу-программа өткөрүүнү каалайбыз. Башкы идея аянтты 3D проектору менен жарыктандыруу, аны ишке ашыруу үчүн алардан кеминде эле 30 даана керек. Алар 7,5 миң чарчы метр аянтты ээлеп, "Илбирс" менен Агропромдун имараты жарыктандырылат. Бирок, аларды каржылоо маселеси турат, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүп жатабыз. Андан жабдуулар бизде жок, аларды чет мамлекеттен алып келиш керек", — деди Текешов.

Анын айтымында, эгер пландалгандар болбой калса, башка варианттар дагы каралат. Жалпы аянты 200 чарчы метрге жеткен бир канча чоң мониторлор орнотулат. Ал жактан видео дагы көрсөтүлөт.

"Гала-концерт саат 20:30да башталып, 23:00дө аяктайт. Бул убакыт ичинде эмнелерге жетиштик жана кайда баратабыз деген теманын алкагында сахналаштырылган көрсөтүүлөр болот. Иш-чаранын жыйынтыгында фейерверк атылат", — деди ал.

Вице-премьер министр Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында 3D-проекторлорун коюу боюнча маселе каралып жатат жана аларды колдонуп колдонбоо так аныктала элек.

Мамлекеттик дирекциянын башчысы Султан Раев Эгемендүүлүк күнү белгилөө өлкөнүн бардык аймактарында өтүп, негизги иш-чара Бишкек шаарында өтөрүн кошумчалады.

"Эртең менен аскердик парад болот, сахналаштырылган иш-чарага эки миңдей киши катышат", — деди Раев.

Кыргызстан өзүнүн Эгемендүүлүгүн 1991-жылы 31-августта жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0