БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов коомдук талкууга "КРдин унутулгус күндөрү жөнүндө" мыйзамга карата толуктоолор камтылган документтин долбоорун алып чыкты. Анда эл өкүлү майрамдык дем алыш күндөрүнүн тизмесинен 23-февраль, 5-май жана 7-ноябрь күндөрүн алып салууну сунуштаган.
Долбоордун негиздеме катына ылайык, Кыргызстанда 13 майрамдык дем алыш күндөрү бар, бирок анын айрымдары өзүнүн актуалдуугун жоготуп койгон.
Аталган үч күндү тең майрамдардын тизмесинен алып салуу сунушталат, бирок Конституциянын кабыл алынышына жана Октябрь революциясына байланышкан окуялардын маанисин эске алып, 5-май менен 7-ноябрды даталуу күндөр деп эсептөө зарылдыгы айтылат.
Андан тышкары, мыйзам долбоору өлкөдө үй-бүлөнү бекемдөөгө багытталган эки жаңы майрам күнүн бекитүүнү сунуш кылат. Алар — Энелер күнү (майдын үчүнчү жекшембиси) жана Балдарды коргоо күнү (1-июнь).
Майрамдарды алып салуу жана актуалдуу болбой калган майрамдардын ордуна заман талабына жооп берчүлөрүн киргизүү зарылчылыгы бар-жогун аныкташ үчүн Sputnik Кыргызстан редакциясы сурамжылоо жүргүздү.
Аскер кызматкеринин пикири: 23-февраль калсын
Башкы штабдын мурдагы жетекчиси Асанбек Алымкожоев аскерчесинен ток этер жерин айтты.
"23-февраль — эркектердин майрамы эмес, Мекенди коргоочулардын күнү. Бизде Конституцияга ылайык эки милдет бар: салык төлөө жана өлкөнү коргоо. Бул күндү алып салууга такыр каршымын", — деди Алымкожоев.
5-май мамлекеттүүлүктү калыптандыруудагы чоң кадамды эскертет
"Атактуу" парламенттин мурдагы спикери жана алгачкы Баш мыйзамдын авторлорунун бири Медеткан Шеримкулов 5-май майрамдык статусун жоготушуна каршы чыкты. Эскерте кетсек, алгачкы Конституция 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.
Улуу Октябрь социалисттик революция күнү керекпи?
Башкы коммунист, "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев календардагы бул "кызыл" күндү жоготуп коюу мүмкүнчүлүгүнө нааразыланды.
"Быйыл Үркүндүн 100 жылдыгын белгилеп жатабыз. 1917-жылдын октябры кыргыз элин жоголуп кетүүдөн сактап калганын демилгечи билбесе керек. Жок дегенде ушул бир себеп менен бул майрамды сактап калыш керек. Бул күн СССРдин башка элдерине караганда бизге көбүрөөк жакшылык алып келген. Жөн койсоң, ыйык Валентин күнүн деле мамлекеттик майрам кылып койгулары бар", — дейт Масалиев.
Муну менен бирге ал мыйзам жаратууда бөтөнчө бир чуулгандуу мыйзам долбоорлору менен коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууну каалагандар да жок эместигин белгиледи.
"Бул мыйзам долбоору болсо боло берсин, бирок аны талкуулоодо мен каршы чыгам, кесиптештеримди да аны каршы турууга үгүттөйм", — дейт ал.
Энелерге майрам керек
Беш баланын энеси Айша Акмолдоева Энелердин күнү майрамын киргизүү зарыл деп эсептейт.
"Мага бул ой жагат. Энелер күнү балдарым келип куттукташты. Мындай майрамдар керек, алар үй-бүлөнү бекемдейт", — деген каалоосун айтат Акмолдоева.
Үй-бүлөлөрдү бекемдей турган Балдар майрамы
"Балдарды коргоочулар лигасы" коомдук фондусунун директору Назгүл Турдубековага Энелер күнү жана Балдарды коргоо күнү деген эки жаңы "кызыл" күндүн пайда болушу жөнүндө ой жагат.
"Балдарды куттуктап, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрсө болот. Бул көйгөйдүн баарын чечип жиберет деп айта албайм, ошентсе да үй-бүлө баалуулуктарына көбүрөөк басым жасоого мүмкүндүк берет. Балдар ата-энеси менен болот деген ой жаман эмес", — дейт ал.
Ишкерлердин пикири: майрам азыраак болсо, акча көбүрөөк болот
"Эгемендүүлүк күнүн, Айт жана Жаңы жыл сыяктуу 3-4 майрамды калтырып койсо болот. Экономика майрамдык дем алыштардан жабыркап келет. Жеке ишкер катары мен майрамдардан чоң чыгымга учурап калам. Европада, мисалы, жылына майрамдык 3-4 дем алыш бар, калган майрамдар иш күнү болуп эсептелет. Европадагыдай же Кытайдагыдай болуш керек. Ал жакта эл жыл бою иштейт да, январда 10-15 күн катары менен эс алышат", — деп белгилейт Абакиров.
Аталган мыйзам долбоорун ал майрамдык дем алыштарды кыскартууга карай жасалган биринчи кадам катары жакшы деп эсептейт.