00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун акыркы сүрөттөрү. Жазуучусуз сегиз жыл

Жазылуу
Бүгүн мындан 8 жыл мурда дүйнөлүк масштабдагы кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов Германиянын Нюрнберг шаарында оорудан көз жумган.

Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сагындык... Улут атасы Айтматовдун сүрөттө калган жылмаюулары
Бул жылдар аралыгында Айтматовду ааламдын ар кыл бурчундагы адабият сүйүүчүлөр, күйөрмандары эскерип келет. Гений миңдеген окурмандардын, күйөрмандардын, чыгармалары тарбиялаган муундун жүрөгүндө жашай бермекчи. Чыңгыз аба өзүнчө бир мухит, кемибеген кенч, улам арылаган сайын асыл таштай кайра баасын арттырган байлык.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан үлкөн жазуучунун соңку күндөрүнөн алынган сүрөттөрдү тартуулайт. 

Бул сүрөттөр 2008-жылы классик жазуучу дүйнөдөн өтөр жылы, кыш күндөрү тартылыптыр. Ал туурасында фотограф Александр Федоров төмөнкүчө эскерди.

"Айтматов менен аны сүрөткө тартуу боюнча макулдаштык. Чынын айтсам, бул ниетибиздин ишке ашарына шексинип турдум. Себеби, колу бош эмес, иши абдан көп, анан мындай үлкөн адам болсо… Бир күнү чалып, убакыт бөлө тургандыгын айтты. Биз Алимжан Жороев экөөбүз учкан тейде студияга жетип, баарын даярдап, күтүп отуруп калдык. Ал бир аздан кийин уулу Элдар менен келди. Кофе ичип, аркы-беркини сүйлөшүп, эски сүрөттөрдү барактадык. Чыңгыз абаны студиядан тарттык, бирок эле бир нерсе жетишпей туруп алды. Жазуучу чарчаңкы тартып турду. Анан сүйлөшүп, баарыбыздын сүйүктүү жайыбыз — "Дзержинкага" барууну сунуштадык!" — деп эскерди Федоров. 

Чингиз Айтматов в своем рабочем кабинете - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматов — сүрөттө калган элестер
Алп жазуучуну тартып жатканда, ары-бери өткөндөр, ал тургай угуп калгандар жетип келип, жазуучу менен сүрөткө түшүү бактысына ээ болуптур.

Бүгүн, 10-июнда кыргыз коомчулугу, чыгармаларын сүйүп окугандар Чыңгыз Айтматовду дагы бир эскерип, анын чыгармаларын, каармандарын жана инсандыгын эстешет.

Ал эң көп окулган жазуучулардын бири, китептери 180ге жакын тилге которулуп, 60 миллиондон ашык нуска менен басылган. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда 80 жашында дүйнөдөн кайткан. 

© Sputnik / Александр ФедоровМындан 8 жыл мурда кыргыз эли жана дүйнө коомчулугу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдон айрылган. Залкар инсан Германиянын Нюрнберг шаарында оорудан көз жумган...
Мындан 8 жыл мурда кыргыз эли жана дүйнө коомчулугу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдон айрылган. Залкар инсан Германиянын Нюрнберг шаарында оорудан көз жумган... - Sputnik Кыргызстан
1/12
Мындан 8 жыл мурда кыргыз эли жана дүйнө коомчулугу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдон айрылган. Залкар инсан Германиянын Нюрнберг шаарында оорудан көз жумган...
© Фото / Александр ФедоровЖазмыш, мезгил аны бизден канчалык алыстаткысы келген менен биз түбөлүктүүлүктүн түркүгүн жараткан бул генийге улам жакындап, улам тартылуудабыз
Жазмыш, мезгил аны бизден канчалык алыстаткысы келген менен биз түбөлүктүүлүктүн түркүгүн жараткан бул генийге улам жакындап, улам тартылуудабыз - Sputnik Кыргызстан
2/12
Жазмыш, мезгил аны бизден канчалык алыстаткысы келген менен биз түбөлүктүүлүктүн түркүгүн жараткан бул генийге улам жакындап, улам тартылуудабыз
© Фото / Александр ФедоровАкыркы фото сессиядан... "Чыңгыз абаны студиядан тарттык, бирок эле бир нерсе жетишпей туруп алды. Жазуучу чарчаңкы тартып турду", — деди сүрөтчү Александр Федоров
Акыркы фото сессиядан... Чыңгыз абаны студиядан тарттык, бирок эле бир нерсе жетишпей туруп алды. Жазуучу чарчаңкы тартып турду, — деди сүрөтчү Александр Федоров - Sputnik Кыргызстан
3/12
Акыркы фото сессиядан... "Чыңгыз абаны студиядан тарттык, бирок эле бир нерсе жетишпей туруп алды. Жазуучу чарчаңкы тартып турду", — деди сүрөтчү Александр Федоров
© Фото / Александр ФедоровБул биздин сүйүктүү Чыңгыз абабыздын акыркы фото сессиясы, акыркы кышы экендиги эч кимдин оюна келген эмес. Калдайган карааны менен акыркы ирет Бишкектин бульварын аралап, акыркы ирет кол тамгасын жазып...
Бул биздин сүйүктүү Чыңгыз абабыздын  акыркы фото сессиясы, акыркы кышы экендиги  эч кимдин оюна келген эмес. Калдайган карааны менен акыркы ирет Бишкектин бульварын аралап, акыркы ирет кол тамгасын жазып... - Sputnik Кыргызстан
4/12
Бул биздин сүйүктүү Чыңгыз абабыздын акыркы фото сессиясы, акыркы кышы экендиги эч кимдин оюна келген эмес. Калдайган карааны менен акыркы ирет Бишкектин бульварын аралап, акыркы ирет кол тамгасын жазып...
© Фото / Александр ФедоровЧыңгыз Айтматов уулу, көкүрөк күчүгү Элдияр менен. Аккан арыктан суу агаар бекен?..
Чыңгыз Айтматов уулу, көкүрөк күчүгү Элдар менен. Аккан арыктан суу агаар бекен?.. - Sputnik Кыргызстан
5/12
Чыңгыз Айтматов уулу, көкүрөк күчүгү Элдияр менен. Аккан арыктан суу агаар бекен?..
© Фото / Александр ФедоровСессия учурунда бир өспүрүм кайдан-жайдандыр жазуучунун китебин алып күйүгө чуркап келип, ага Айтматов каалоосун жазып, кол тамгасын калтырды.
Сессия учурунда бир өспүрүм кайдан-жайдандыр жазуучунун китебин алып күйүгө чуркап келип, ага Айтматов каалоосун жазып, кол тамгасын калтырды. - Sputnik Кыргызстан
6/12
Сессия учурунда бир өспүрүм кайдан-жайдандыр жазуучунун китебин алып күйүгө чуркап келип, ага Айтматов каалоосун жазып, кол тамгасын калтырды.
© Фото / Александр ФедоровКандай бактылуу ирмемдер, кандай сыймык! "Чыңгыз абанын колун кармап, ага жанаша туруп ким эле сүрөткө түшүп жатыптыр. Бул сүрөт мага эстелик болот", — деди оң жакта турган жигит кудуңдап
Кандай бактылуу ирмемдер, кандай сыймык!  Чыңгыз абанын колун кармап, ага жанаша туруп ким эле сүрөткө түшүп жатыптыр. Бул сүрөт мага эстелик болот, — деди оң жакта турган жигит кудуңдап - Sputnik Кыргызстан
7/12
Кандай бактылуу ирмемдер, кандай сыймык! "Чыңгыз абанын колун кармап, ага жанаша туруп ким эле сүрөткө түшүп жатыптыр. Бул сүрөт мага эстелик болот", — деди оң жакта турган жигит кудуңдап
© Фото / Александр ФедоровКалемдин чебери кыл калемдин чеберлеринин эмгегине көз салып жатканда. Жашоону сүйгөн, тоолорду сүйгөн, ааламды алаканга салган Айтматов
Калемдин чебери кыл калемдин чеберлеринин эмгегине көз салып жатканда. Жашоону сүйгөн, тоолорду сүйгөн, ааламды алаканга салган Айтматов - Sputnik Кыргызстан
8/12
Калемдин чебери кыл калемдин чеберлеринин эмгегине көз салып жатканда. Жашоону сүйгөн, тоолорду сүйгөн, ааламды алаканга салган Айтматов
© Фото / Александр ФедоровГений художниктер менен бир теманы талкуулап, өзүнө таандык кадимки каадасы, уюп турган бир сөөлөтү менен аларга сүйлөп жатты...
Гений художниктер менен бир теманы талкуулап, өзүнө таандык кадимки каадасы, уюп турган бир сөөлөтү менен аларга сүйлөп жатты... - Sputnik Кыргызстан
9/12
Гений художниктер менен бир теманы талкуулап, өзүнө таандык кадимки каадасы, уюп турган бир сөөлөтү менен аларга сүйлөп жатты...
© Фото / Александр Федоров"Ала-Тоо" кинотеатрынын жанындагы сүрөт галереянын жанында жазуучунун пайда болушу, образдуу айтканда, майрамга айланды
Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы сүрөт галереянын жанында жазуучунун пайда болушу, образдуу айтканда, майрамга айланды - Sputnik Кыргызстан
10/12
"Ала-Тоо" кинотеатрынын жанындагы сүрөт галереянын жанында жазуучунун пайда болушу, образдуу айтканда, майрамга айланды
© Sputnik / Александр ФедоровЖаз келгенде тоого чыгып, жоогазындар гүлдөгөн маалда дагы сүрөткө тартуу пландалган... Бирок улам бир жагдайлар болуп, Чыңгыз Төрөкулович 80 жылдык юбилейге даярданып, фотосессиянын сааты чыкпай калды...
Жаз келгенде тоого чыгып, жоогазындар гүлдөгөн маалда дагы сүрөткө тартуу пландалган... Бирок улам бир жагдайлар болуп, Чыңгыз Төрөкулович 80 жылдык юбилейге даярданып, фотосессиянын сааты чыкпай калды... - Sputnik Кыргызстан
11/12
Жаз келгенде тоого чыгып, жоогазындар гүлдөгөн маалда дагы сүрөткө тартуу пландалган... Бирок улам бир жагдайлар болуп, Чыңгыз Төрөкулович 80 жылдык юбилейге даярданып, фотосессиянын сааты чыкпай калды...
© Фото / Александр ФедоровЧыңгыз Айтматов өзүнчө бир мухит, кемибеген кенч, улам арылаган сайын асыл таштай кайра баасын арттырган байлык. Тирүү болгондо ал быйыл 88 жашка чыкмак.
Чыңгыз Айтматов өзүнчө бир мухит, кемибеген кенч, улам арылаган сайын асыл таштай кайра баасын арттырган байлык. Тирүү болгондо ал быйыл 88 жашка чыкмак. - Sputnik Кыргызстан
12/12
Чыңгыз Айтматов өзүнчө бир мухит, кемибеген кенч, улам арылаган сайын асыл таштай кайра баасын арттырган байлык. Тирүү болгондо ал быйыл 88 жашка чыкмак.
Жаңылыктар түрмөгү
0