Ал чыгармалары эң көп окулган жазуучулардын бири, китептери 180ге жакын тилге которулуп, 60 миллиондон ашык нуска менен басылган. Жазуучу 2008-жылы 80 жашында дүйнөдөн кайткан.
Алп жазуучунун чыгармаларын баалап, чыгармачылыгына кызыккандар таланттуу инсанды бир ирет жоктоп алып, анын Дүйшөнүн, Жамийласын, Даниярын, Толгонайын, Султанмуратын, Эдигейин, Момун чалын, Гүлсаратын, Танабайын эске салышты.

Чингиз Айтматов в своем рабочем кабинете

Айтматов: "Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу".

Атактуу акын Евгений Евтушенко менен Чыңгыз Айтматов Москвада жазуучулардын пленумунда.

Кыргыздын дагы бир үлкөн жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков менен Чыңгыз Айтматов.

Эр ортону элүүдө. Түркмөн кинорежиссеру Хожикули Нарлиев (оңдо), Калмак акыны Давид Кугултинов (солдо биринчи), Кабардин-балкар акыны Кайсын Кулиев (солдо экинчи) Эл жазуучусун 50 жылдык юбилейи менен куттуктап жаткан учуру.

Жазуучу ВЛКСМдин XXII съездинин делегаттары менен жолугууда.

СССР жазуучулар Союзунун башкармалыгынын катчысы Чыңгыз Айтматовдун үйүнө чет элдик элчилер да көп келе турган. Сүрөт 1984-жылы тартылып алынган.

Уулдары Санжар жана Аскар менен шаар четиндеги дачасында.

Кыргыз кереметинин жаратуучулары. Адабияттын генийи менен киноөнөрдүн генийи кыязы, "Ак кемени" талкуулап жатышат окшобойбу.

Чыңгыз Айтматов кинорежиссер Төлөмүш Океев менен.

Айылдык аксакалдар менен.

Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда Нюрнберг шаарында каза болуп, 14-июнда Бишкек шаарында аза зыйнаты өтүп, “Атабейит” мемориалдык комплексине коюлду.