Жалпы республикалык тестти кантип тапшырып, окууга кантип өтүүгө болот?

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭкзамен тапшырып жаткан окуучулар. Архив
Экзамен тапшырып жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы республикалык тестти качан жана ким тапшырарын, каттоого кечигип калса, эмне кылуу керектигин жана шпаргалканы колдонууга болор-болбосун Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. 17-майда Кыргызстан боюнча Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) башталат.

Эң көп берилүүчү суроолорго Билим берүү жана илим министрлиги менен Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу усулдары борборунан (ББОУБ) жооп беришти.

ЖРТ деген эмне?

Билим берүү министрлиги: бүтүрүү кечесин өткөрүүгө тыюу салынды
Жалпы республикалык тестирлөө мектеп бүтүрүүчүсүнүн жогорку окуу жайда билим алуу жөндөмүн текшерет. Көпчүлүк ЖОЖдорго ушул тесттен алынган упайлардын негизинде кабыл алынып, эгер упай жогору болсо, гранттык (бюджеттик) орунга өтүүгө болот. ЖРТ Кыргызстанда 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет.

ЖРТда суроолордун жалпы саны канча?

Тесттин эки түрү бар. Каттоодон өткөн бардык катышуучулар тапшыра турган негизги тест "Математика", "Сөз-логикалык бөлүк" жана "Практикалык грамматика" деп аталган үч бөлүктөн турат жана анда камтылган суроолордун жалпы саны 150. Каалоочулар үчүн химия, биология, физика, математика, тарых (ар биринде 40тан суроо) жана англис тили (50 суроо) боюнча алты предметтик тест бар. 

ЖРТ канча тилде өтөт?

Тесттер абитуриенттерге кыргыз жана орус тилдеринде сунушталат.

ЖРТ качан жана кайсы жерде өтөт?

Тестирлөө 17-18-май жана 20-21-май күндөрү өтөт. Бардыгы болуп 48,2 миң адам катталган. ЖРТ өлкө боюнча 127 борбордо өтөт. Так күнү мектептерде айтылат.

Зарыл документтер кайсылар?

Тестке кирүү үчүн абитуриент каттоодон өтүшү керек, ал эми өзү менен талон жана паспортун алып келиши зарыл. Эгер 16 жашка чыга элек болсо, туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жана окуган жеринен далил кат болушу кажет. 

Уюлдук телефонду колдонсо болобу?

Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда окуучулардын 40 пайызы пин-номерге ээ болушту
Жок, жанында калем сап гана болуусу шарт. Тестке катышуучуларга тест учурунда же тыныгуу учурунда телефон, калькулятор, калькуляторлуу саат, камера, фотоаппарат жана башка электрондук жабдуулар же байланыш каражаттары иштебеген болсо да, жандарында алып жүрүүгө тыюу салынат. Борборлордо металл детекторлору бар, ошондуктан девайс же гаджеттерди жашырып алып кирүү мүмкүн эмес.

Кандай учурда дисквалифициялоо мүмкүн жана шпаргалка колдонсо болобу?

Катышуучудан тыюу салынган буюм же шпаргалка табылса, ошондой эле ал жооп жазылган баракчаны бирөөнө берип же алса, ал дисквалифицияланат жана кийинки жылы гана кайра тестке кирүү мүмкүнчүлүгүн алат. Шпаргалканы материалды эске жакшы тутуп калыш үчүн жазса болот, бирок аны борборго алып кирүүгө тыюу салынган.

Акча үчүн ЖРТ тапшырууга жардам сунушташса эмне кылуу керек?

Макул болбогула. Бул — жалганчылар. Силер акчаңарды да жоготуп, окуу жайга өтүү мүмкүнчүлүгүнөн да кол жууп каласыңар. Алдамчылар абитуриенттин ордуна жакшы даярданган бирөөнү киргизип жиберебиз деп убада кылышы мүмкүн. Мунун бети ачылып калса, мыйзамга ылайык жооп берүүгө туура келет. 

Катталууга үлгүрбөй калса, эмне кылуу керек?

Кечигип калгандар 16- жана 19-май күндөрү бардык тест борборлорунда катталып, 21-майда тест тапшырса болот. Бул үчүн паспорт (16 жашка толо электер үчүн туулгандыгы жөнүндө күбөлүк), эки сүрөт, төлөм жөнүндө квитанция жана мурунку жылдары мектепти аяктагандар үчүн аттестат талап кылынат.

Кошума каттоодон өткөнгө же тестти убагында тапшырууга жетишпей жатам

Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөдөн билим алгысы келгендерге күмүш сырга
Июндун жыйырмаларында "кеч" тест өтөт, ага 10-июндун тегерегинде катталса болот. Бирок мындай мүмкүнчүлүктөн олуттуу себеп менен гана пайдалана аласыз. 

Тест эмне берет?

ЖОЖго тапшыруу мүмкүнчүлүгүн берет. Өтүүгө мүмкүндүк берүүчү эң төмөнкү упай: негизги тест боюнча — 110 жана предметтик тест боюнча — 60. Быйыл ЖРТнын жыйынтыгы боюнча өтүүгө боло турган 5 705 бюджеттик орун бөлүнгөн. Ошондой эле тест боюнча эң мыкты натыйжага ээ болгон "алтын" сертификат ээлери каалаган окуу жайына конкурсу жок өтө алат.

Мектепти бүткөнүмө көп болду, бирок азыр гана ЖОЖго тапшыруну чечтим. ЖРТдан өтсөм болобу?

Ооба, болот, бирок эгер сиз студент эмес болсоңуз гана. Бул үчүн тесттен өтүүнүн акысын төлөп, борборго өзүңүздүн аттестатыңыз жана эки сүрөтүңүз менен келишиңиз керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0