Билим берүү министрлиги: бүтүрүү кечесин өткөрүүгө тыюу салынды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүМектеп бүтүрүүчүлөрү. Архив
Мектеп бүтүрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буйруктун аткарылышын Билим берүү башкармалыктары менен милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Быйыл мектеп окуучулары үчүн бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө 23-июнда аттестаттар, ал эми 9-класстын окуучуларына толук эмес орто билими тууралуу күбөлүк 20-июнда тапшырылат. 

"Бардык мектептерде бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынат. Бул аракет бүтүрүүчүлөрдүн жашоосу менен ден соолугуна кам көрүү максатында жүргүзүлүп жатат", — деп билдирет министрликтин маалымат кызматы. 

Министрлик кече уюштурууга акча чогулткан мектептин мугалимдерине административдик чаралар көрүлүп, кызматтан бошотулушу да ыктымал экенин эскертет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0