Немец бийлиги Эрдоган тууралуу ыр окуган дагы бир кишини кармап кетти

© REUTERS / Joshua RobertsТүркия лидери Краммга Режеп Тайып Эрдоган. Архив
Түркия лидери Краммга Режеп Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германияда түркиянын лидеринин ар-намысына доо келтирди деген айып менен жергиликтүү саясатчыга кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Германия бийлиги Пираттар партиясынын башчысы Бруно Краммга карата иш козгоду. Ал Ян Бемермандын түрк президентинин аброюна шек келтирген ырын аталган өлкөнүн Берлиндеги элчилигинин алдына окуган. Бул туурасында РИА Новости N-tv телеканалына шилтеме берүү менен кабарлады.

Жума күнү, 22-апрелде аталган партия сөз жана басма сөз эркиндиги боюнча Түркиянын Берлиндеги элчилигинин алдында демонстрация уюштуруп, ага 20га чукул киши катышкан. Полиция Түркия лидери Краммга Режеп Тайып Эрдоганды мыскылдаган ырды окуба деген маанайда эки ирет эскертүү берген. Анысын тартип кызматкерлери Берлиндин 14-апрелде болгон соттун түрк элчилигинин алдында мыскылдаган маанайдагы иш-аракеттерге тыюу салган чечиминин негизинде деп түшүндүргөн. Полициянын өтүнүчүн капарына алып да койбогон партия лидерин тартип сакчылары кармап кеткен.

Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Zaman Кыргызстан" редактору: Түркия эркин пикир айткан ЖМКлардын болушун каалабайт
Краммга карата Гермениянын Кылмыш кодексинин "Чет мамлекеттердин өкүлдөрү менен органдарын мазактаган" деген берене менен иш козголгондугу кабарланды. Мындай күнөө тагылган тарап акчалай айып пул төлөйт же үч жылга эркинен ажыратылат. Бир нече күн мурда буга окшогон дагы бир иш катталган, анда Ян Бемермандын аракети боюнча да кылмыш иши козголгон.

31-мартта ZDF телеканалынын алып баруучусу Ян Бемерман "Neo Magazin Royale" программасынын эфиринде түрк лидерин кемсинткен ыр окуган. Мындан улам Түркия өкмөтү Германияга аталган журналист боюнча кылмыш ишин козгоого нота жиберген. 

Түркия президенти өзүнө айтылган сын-пикирди жакшы кабыл ала албагандыгы менен белгилүү. Учурда президентке карата акарат келтирди делген 1845 жаранды жазага тартуу боюнча тергөө иштер жүрүп жатат. Түркияда президентти кемсинткендерге атайын мыйзам чыккан. Өлкө башчысын мазактагандарга айып салынып же бир жылдан төрт жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Акыркы окуя март айында болгон. Түркиянын Birgün гезитинин журналисти Барыш Инже президент Тайып Эрдоганга акарат келтирип жазган макаласы үчүн 21 айга кесилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0