БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Эртең, 22-апрель күнү Кыргызстан боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Тоолуу аймактарда автожолдор тоңголок, тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Бишкек жана Ош шаарларында түнкүсүн өткүн өтүп, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6 градус жылуу болсо, күндүз 18 градуска чейин ысыйт.
Мындан тышкары, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош (121-137, 198-250 чакырымдары) жана Каракол — Эңилчек (75-83 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экени эскертилет.