БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандык калыстар Рамина Цой менен Вероника Бернацская кыздар арасында өтчү футбол турниринде калыстык кылышат. Бул тууралуу КРдин футбол лигасы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Тажикстанда 26-апрелден 1-майга чейин Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн 14 жашка чейинки кыздары арасында футбол турнири өтөт.
Мелдешти жети өлкөдөн келген 14 калыс тейлейт. Ал эми турнирде Кыргызстан, Тажикстан, Иран, Бутан, Индия, Непал жана Бангладештен келген командалар күч сынашат.
Бернацкая менен Цой жыл сайын өтчү FIFA MA Refereeing Course курсунан өтүшкөн.