БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бишкек шаарына арналган автобустар кыргыз-кытай чек арасынан тийиштүү процедуралардан өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине мэр Албек Ибраимов билдирди.
Буга чейинки интервьюсунда шаар башчысы Кытайдан гранттын негизинде 10 жаңы автобус 25-мартта Бишкекке алып келинерин белгилеген.
Ибраимовдун айтымында, аталган унаалар эки күндөн кийин шаарда болот. Автобустар Үрүмчүдөн келе жатат.