Депутаттар Сирия кеткендер боюнча маалыматты ачык берүүнү сунушташты

© REUTERS / Rodi SaidСирия автоунаада бараткан согушчандар. Архив
Сирия автоунаада бараткан согушчандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сирияга же башка аймактарга аттангандар боюнча абалды күч органдары коомчулукка ачык айтып, жарыялап туруш керек дешти парламентарийлер.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин көчмө жыйыны учурунда депутаттар кыргызстандыктардын Сирияга кетип жаткан тенденциясын кыскартуу боюнча сунуштарын айтып, бул жаатта коомчулукка ачык маалыматтарды берүү керек деген пикирлерин билдиришти.

Дамаск шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирияга чыгып кеткен Таластын эки тургуну КР жарандарын азгырып турушкан
ЖКнын Социалдык маселелер, билим берүү, илим маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин көчмө жыйыны Ош шаарында өттү. Анда адам сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү маселелер, адам сатуунун курмандыктарынын социалдык-укуктук абалы, Сирияга тартылып жаткан кыргызстандын жарандары боюнча маселелер көтөрүлдү.

Парламентарийлердин бир катарлары кыргызстандыктардын Сирияга кетип жатканын азайтуу жана алдын алуу үчүн КРде жашап жаткан башка улуттар менен иштешүү зарылдыгын айтты.

"Маалыматтарда Сирияга аттангандарын 426сы өзбек улутундагы, 106сы кыргыз улутундагы Кыргызстандын жараны деп жатабыз. Бул башка этностор менен иш алып барыш керек дегенди далилдеп турат. Башка улуттарга болгон күч органдарынын ишеними жакшырышы керек, өзгөчө Ош аймагында. Ишенимдүү арттыруу боюнча иш алып барсаңыздар деген өтүнүч", — деди ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев.

© Айша КамиловаЖогорку Кеңештин тармактык комитетинин көчмө жыйыны
Выездное заседание Комитета ЖК по социальным вопросам, образованию, науке, культуре и здравоохранению в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин көчмө жыйыны

Социалдык маселелер, билим берүү, илим маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин жетекчиси Садык Шер-Нияз Сирияга кетип жаткандар боюнча маалыматтарды коомчулукка айтып туруш керек деген пикирин билдирди.

"Сирияга же башка аймактарга аттангандар көбөйүп жатабы же азайып жатабы билишибиз керек. Бул маалыматтарды ачык түрдө эле жарыялап туруш керек го. Мында күч органдары менен министрлик, ведомстволордун өз ара кандай иштешип жаткандыгы билинет", — деди "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, комитетет жетекчиси Садык Шер-Нияз.

ИИМдин берген маалыматы боюнча Сириядагы, Ирактагы, Афганистандагы террордук топтордун катарында 500дөй кыргызстандык бар. Алардын 23,3 пайызын аялдар, 15,6 пайызы өспүрүмдөр түзөт. Ал жакта жүргөндөрдүн ар бир сегизинчиси үй-бүлөсү менен кеткендер.

Андан сырткары акыркы маалыматтар боюнча 26 кыргызстандык каза болсо, 32 киши кайта келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0