БИШКЕК, 12-мар. – Sputnik. Бүгүн түнкү саат 00.20 чамасында борбор калаадагы Батыш автобекетине жакын жерден Mersedes 211 үлгүсүндөгү автоунаа бир жаранды коюп кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта, кырсыкка кабылган жаран ооруканага жеткирилгенден кийин жан бергендиги айтылат.
"Санат" телеканалында иштеген Болот Абдыжапаров каза болгон жаран аталган каналда оператор болуп иштегенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктап, башка комментарий берүүдөн баш тартты.
Учурда, кырсыкка шектүүнүн унаасы айып короосуна токтотулуп, тергөө иштери башталды.
Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынан телеоператорду койдуруп кеткен автоунаа ээси кармала электигин билдирди.