БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Шаардык муниципалитетте бүгүн мэр Албек Ибраимов Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен жолукканын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда муфтий Ибраимовдун мэр болуп шайланышын куттуктап, улуттук баш кийим болгон ак калпак менен Куранды белекке берди. Ибраимов бүгүнтөн баштап кызматка расмий киришти.
Муфтий менен мэр жакын арада ишембилик өткөрүүнү макулдашышты.