БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Шейшемби күнү саат 12.00дө аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Албек Ибраимовго Бишкек мэринин тастыктамасын тапшыра турганын муниципалитет билдирди.
Жаңы жетекчини Бишкек шаардык кеңештин депутаттары өткөн ишемби күнү шайлашкан. Комиссия үч күндүн ичинде шайлоонун өткөнү боюнча токтомго кол коюшу керек болчу.
Буга чейин Ибраимов "Манас" Эл аралык аэропорту" ишканасын жетектеп, андан соң компаниянын директорлор кеңешинин курамына кирген.