"Алтын топтун" үч жолку ээси, мадриддик "Реал" командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду бүгүн 31 жашка чыкса, Неймар 24 жашты багынтууда.
Португалиялык футболчу буга чейин Европанын "Спортинг", "Манчестер Юнайтед" профессионалдык клубдарында, ал эми учурда "Реал" командасында ойнойт. Жалпы жонунан атаандаштын дарбазасына 500дөн ашуун топ киргизген.
Неймар азырынча Европада "балакай" болгону менен абдан таланттуу жана өтө активдүү оюнчу катары оозго алынды. 2013-жылы Бразилиянын "Сантос" клубунан Каталониянын "Барса" тобуна өткөн.
Роналду менен Неймар өз курама командаларында мыкты оюнчу болуп саналышат.
Экөө тең 2015-жылдын жыйынтыгы менен "Алтын топко" талапкер болуп, бирок баалуу сыйлык аргентиналык футболчу Лионель Мессиге буюрган.

Криштиану Роналду алты жыл бою Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубу үчүн ойноп, 2009-жылы ал кездеги рекорддук баа болгон 91 миллион еврого бааланып "Реалга" өткөн

Бразилиялык Неймар "Барсанын" таламын талашып үч сезондон бери оюн талаасына чыгууда. Аз убакытка карабастан алдыңкы оюнчулардын катарына кирген. Команданын башкы жылдызы Лионель Месси дарыланып жаткан маалда топту алдыга сүрөгөн капитан болду

2015-жылдын башында Криштиану Роналду менен модель Ирина Шейк бир нече жылдан берки мамилесин бузгандыгын жар салышкан. Кыздын айтымында, ажырашууга футболчунун көп сандаган көзгө чөп салуусу себеп болгон

24 жаштагы Неймар жаштыгына карабай бразилиялык команданын бараандуу оюнчусу жана капитаны болуп келет

Криштиану экинчи "Алтын тобун" 2013-жылдын жыйынтыгы менен алган. Байгени ага "Футбол падышасы" Пеле тапшырган. Азем учурунда португалиялык оюнчу кубанычынан улам көз жашын жашыра алган эмес

Бул кадимки эле Неймар. Бул кезде Европа анын түшүнө да кирчү эмес. Бразилиянын "Сантос" клубу үчүн ойноп жүргөн кези. Ошондо эле лидерлик сапаттарын көрсөтүп, команданы жеңишке сүйрөп жеткирчү

Роналдунун Манчестердеги бир ирмеми — Москванын "Лужники" стадионунда Чемпиондор Лигасынын финалында Лондондун "Челси" клубуна каршы беттешүүдө дарбазага киргизилген гол. Оюндун негизги убактысында жеңүүчү аныкталбай, пенальтег өткөн учур. Роналду өзүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай калган. Бирок, "МЮ" жалпы эсеп боюнча атаандашын утуп алган

Португалиялык Криштиану Роналду менен бразилиялык Неймар оюн алдында

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен ааламдын мыкты үч оюнчусу — Месси, Роналду, Неймар.