"Азия MIX" мүчөсү, Ситора: кичинемде эркек баладай элем

© Фото / Миртохир ГулямовШайыр жана тапкыч бишкектиктерге өзбекстандык ырчы жана актриса Ситора Фармонова. Архив
Шайыр жана тапкыч бишкектиктерге өзбекстандык ырчы жана актриса Ситора Фармонова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын "Азия MIX" КВН командасынын мүчөсү Ситора Фармонова эмне үчүн ал тентек богонун, ким ага күйөө болорун жана эмне үчүн соцтармактарда отурарын айтып берди.

Жакында белгилүү "Азия MIX" КВН командасынын курамында алмашуу болду. Шайыр жана тапкыч бишкектиктерге өзбекстандык ырчы жана актриса Ситора Фармонова кошулду. Sputnik Кыргызстан бухаралык карапайым эле кыз кандайча мурдагы совет мейкиндигинде супер жылдызга айланганына кызыгып көрдү.

— Сиз абдан көп кырдуу адам экенсиз: ырчы, актриса жана КВН жылдызысыз. Бул үчөөнүн кайсынысы азыр артыкчылык орунда?

— Мен үчүн мунун баары чоң мааниге ээ. КВН оюнчусунан ырчылык мен үчүн артыгыраак деп айта албайм. Актриса катары баштагам, азыр да киного тартылууну улантып, ошону менен катар Өзбекстанда жана КМШ өлкөлөрүндө ырдап жатам. Ад эми КВН — абдан жылуу сезимди жаратуучу оюн, мен аны аябай жакшы көрүп калдым. Жана КВНчилердин арасында досторум абдан көп. 

© Сергей АндриановКыргызстандын "Азия MIX" КВН командасынын оюнчусу Ситора Фармонова
Интервью с игроком КВН команды Азия MIX Ситорой Фармоновой - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын "Азия MIX" КВН командасынын оюнчусу Ситора Фармонова

— Сиз "Азия MIXке" жакында эле келдиңиз да?

— Өткөн жылы Сочи фестивалында. Мурда команданын капитаны Элдияр Кененсаров менен "Общага" кыргыз сериалынын үстүндө иштегенбиз. Төрт жыл мурун мен анда башкы ролдордун бирин аткаргам.

Андан соң биз үй-бүлөлөрүбүз менен достошуп калдык. Бир жолу болсо менин актердук жөндөмүмдү, кандай шайыр жана жаркылдаган адам экенимди көргөн Элдияр мага чалып, командасына чакырып калды. Ал команданын директору Камила Абдил экөө чакырган эле. 

— Чын эле сиз көрүп отурган элден коркпойсузбу?

— Жок. Эл алдына чыккан сайын мен кубат алып, күчкө толгонсуйм. 

© Фото / Сергей АндриановСитора Фармонова Кыргызстандын "Азия MIX" КВН командасынын оюнчулары менен
Интервью с игроком КВН команды Азия MIX Ситорой Фармоновой - Sputnik Кыргызстан
Ситора Фармонова Кыргызстандын "Азия MIX" КВН командасынын оюнчулары менен

— Демек, бул киного тартылгандан да жакшы турбайбы? 

— Албетте. Мен элдин көзүнөн кубанычын, сүйүүсүн байкайм. Бул чоң ырахат, аябай кубат берет. Сахнада турганда, сенден жакшы бир нерселерди күтүп, кубаттап отурган элдин жайнаган көздөрүн көрөсүң. Бул ушундай ырахат дейсиз, сөз менен айтуу кыйын.

— Тамашаларды ойлоп табыш кыйынбы?

— Башында кыйын болчу. Бирок КВНчилер менен дайыма жашап, баарлашып, алардын ар бир кадам сайын айткан тамашаларын угуп отуруп, өзүңдүн колуңан келеби деп ойлоно баштайсың. Азыр болсо менин ар бир сунушум тамашага айланып калат. 

— КВН оюндарынан кийин жаңы сунуштар болгонбу? Карьера жагынан келечектеги ойлор кандай?

— Бул азырынча жашыруун сыр, бирок бир аз четин чыгарып коёюн. ТНТга чакырып жатышат. Азыр бул туурасында көп айткым келбейт. Башка долбоорлор абдан көп — жаңы тасмалар дегендей. Мен Ташкентке кечээ эле учуп келдим, кечээки иш-чарадан кийин эс алганга үлгүрө элекмин. 

© Фото / Сергей Андрианов"Азия MIX" командасы Сочи фестивалында
Интервью с игроком КВН команды Азия MIX Ситорой Фармоновой - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командасы Сочи фестивалында

— ТНТда сизге кандай амплуа сунуштап жатышат? 

— Азырынча кыздын (күлүп), болгондо да күлкүчү кыздын Башкы роль. Ушул долбоорго туш келип калсам, башка жагынан да өзүмдү көрсөтө алам деген үмүттөмүн. 

— "Телевизорго түшүп калуу" оңой болдубу?

Азия MIX командасынын капитаны Элдияр Кененсаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" Жогорку, ал эми "Бруклин" борбордук лигага өттү
— Менин биринчи телесериалым кыргызча болчу, ал "Общага" деп аталат. Ага кандай туш болгонум күлкү келерлик. Кастинг бизде Ташкентте өткөн. 

Мени бир нерсе көрсөт деп сурашканда, билгенимдин баарын унутуп, жөн эле эмне ойнорумду билбей калдым. Токтоо, жоош, оор турмуштун запкысынан арылбаган бир кызды ойнош керек эле. Мен болсо… Башка образга даярданганыма карабай, таптакыр башка ролго туш келип калдым. 

Менин аркам менен режиссерлор өзү элестете албаган башка каармандын жүзү ачылды. Мен кокусунан эле ток этер жерин таба алдым. Алар беш мүнөттөй кеңешип, анан "Ситорочка, биз башка образ үчүн келгенбиз, бирок азыр сизден бизге керектүү башка нерсени көрүп турабыз. Макулсузбу?", — дешти.

— Ата-энеңиз азыркы кесибиңизге кандай карайт? 

— Абдан колдошот. Менин ар бир жеңишимди, ар бир фильм, ырымды чоң сүйүү менен кабыл алышат. Кээде урушуп калышат "Мындай кылыш керек болчу, тигиндей кылыш керек болчу!" деп. 

— Балалыгыңыз кайда өткөн? 

— Биз Ташкентке көчүп келгенде мен 13 жашта болчумун. Таттуу балалыгым болсо Бухарада өткөн, мен ал кезди азыркыга чейин жылуу эскерем. 

© из семейного архива Ситоры ФармоновойКыргызстандын "Азия MIX" КВН командасынын оюнчусу Ситора Фармонова кичинекей кезинде
Интервью с игроком КВН команды Азия MIX Ситорой Фармоновой - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын "Азия MIX" КВН командасынын оюнчусу Ситора Фармонова кичинекей кезинде

— Бухарага барганда, сизди ал жакта гүл, нан, оркестр менен тосуп алса керек?

— Оркестр азырынча боло элек, ал эми гүл — ооба. Менин ал жакта туугандарым, досторум бар. Бул менин шаарым. 

Күлүп аткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көңүлдү көтөрүп, ууртка жылмаюу тартуулаган видеолор
Баса, мен эркек баладай болчумун. Бала кезимден атамдан куурчак эмес, тапанча, автомат, велосипед сатып берүүнү сурачумун. Ал кезде менни жалгыз эле дос кызым бар эле. Көбүнчө эркек балдар менен дос болчумун, алар менен жарышып, атышмак ойнор элем. Кээде мектептен келгенден кийин биздин үй кызматкерибиз мени чечинтип кийинтип бүтө электе эле оюнча чуркачумун. Мектептин кийимичен көлчүккө да, арыкка да, ал турсун, бассейнге да түшкөн күндөрүм болгон (күлүп). Менде кыз балага таандым адатым жок эле. Атам болсо: "Кызым! Сен чоңойгондо назик, сулуу болосуң" дечү. Ситора сулуу жыйырма жашынан кийин, эч ким күтпөй калган кезде ойгонду. 

Атам мени азыркыга чейин "гадкий утенок" де атап "Сенин мындай болоруңду бала кезиңде эч ким билген эмес. Эми канатыңды кенен жайып, келишимдүү ак кууга айландың" деп калат. 

Мен эрке, назик эмес болчумун — даракка чыгам деп далай кулагам, бир жолу бутакта уктап да калгам. Көгала болуп, колу-бутумду тытып, сындырып эле жүрчүмүн. 

Апам "Мындай мүнөзү менен муну ким күйөөгө алат?" деп аябай тынчсызданар эле. Көрсө, Ситора өзгөрө алат экен (күлүп).

— Турмушка чыккансызбы? 

— Азырынча жок (тартынып). 

© Фото / Миртохир ГулямовКыргызстандык "Азия MIX" КВН командасынын оюнчусу Ситора Фармонова
Интервью с игроком КВН команды Азия MIX Ситорой Фармоновой - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык "Азия MIX" КВН командасынын оюнчусу Ситора Фармонова

— Чет элдикке турмушка чыксаңыз, ата-энеңиз каршы болбойбу? 

— Атам "бактылуу болсоң, каршы эмесмин. Бирок шартым бар – күйөөң мусулман болушу керек" деген.

— Демек, кыргыз жигиттери үмүт кылса болот тура?

— Тагдыр буюрса, эмне дейсиң? Башкысы, сүйсө, сыйласа, бактылуу кылса болду.

— Канча балалуу болгуңуз келет?

— Мен беш балалуу болсом деп тилейм, бештен кем эмес. 

© Миртохир ГулямовКыргызстандык "Азия MIX" КВН командасынын оюнчусу Ситора Фармонова
Интервью с игроком КВН команды Азия MIX Ситорой Фармоновой - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык "Азия MIX" КВН командасынын оюнчусу Ситора Фармонова

Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын жети сулуусу. Эмгек, талант жана дарамет
— Күйөөңүз сахнага чыгууга тыюу салып койсо, эмне кыласыз?

— Аябай көп жигиттерге карьерамды ташташымды каалаганы үчүн баш тартып койгом. Мен 15 жылдан бери шоу-бизнестемин, бул менин жашоом. Ошон үчүн болочок жолдошум мени түшүнүп, ишимде колдоо көрсөтүшүн каалайм. 

— Кыргызстанда кайсы жерлерде болгонсуз? 

— Ысык-Көлдө, мага ал жакта аябай жакты. Бирок башка жерлерди да кызыгып көрмөкмүн. 

— Социалдык тармактар сиз үчүн эмне?

— Менин бардык популярдуу соцтармактарда баракчаларым бар. Алар күйөрмандар менен баарлашып, өзүм туурасында пикирлерин билүүгө жардам берет. Бул жылдызмын деп көкөлөп кетпегенге жардам берет (күлүп). Баса, сиздин агенттиктин тиркемеси менин смартфонумда бар. Жаңылыктарыңарга дайыма көз жүгүртүп турам. 

© Фото / Миртохир ГулямовКыргызстандык "Азия MIX" КВН командасынын оюнчусу Ситора Фармонова
Интервью с игроком КВН команды Азия MIX Ситорой Фармоновой - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык "Азия MIX" КВН командасынын оюнчусу Ситора Фармонова

— Окурмандарга сиздин каалооңуз?

— Мен баарына мени сүйүп, баалап, колдогондору үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биздин эки эл жакшылыкка умтулганына кубанам. Ар бир үйдө жылмаюу жана жылуулук болушун каалайм. Жана зор ийгиликтер болсун!

Жаңылыктар түрмөгү
0