Ак Мөөр – XIX кылымда жашап өткөн тарыхый инсан. Соң-Көлдү жердеген Боркок уулу Адылдын кызы. Аны 14 жашында сарбагыш уруусунун манабы Жантай Карабек уулу (эл арасында Жантай хан) токолдукка алган. Улуттук илимдер Академиясындагы маалыматтар Ак Мөөр 1834-1869-жылдардын аралыгында жашаганын тастыктайт. Бул тарыхый инсанга байланыштуу эл арасында чыгармалар жаралган. Кыргыз элинде Ак Мөөр менен Болоттун баяны дастан катары айтылып, жазуучулар чыгарма жазып, ал тургай режиссер Мелис Убукеев "Ак Мөөр" кинотасмасын тарткан.
Бүбүсара Бейшеналиева, кыргыздын туңгуч балеринасы. Кыргыздын балет өнөрүнүн баштоочусу. Чанда кезикчү талант менен сулуулук айкалышкан бул инсанды кыргыздын маңдайына жазылган дөөлөттөрүнүн бири катары баалап келишет. Анын М.Раухвергердин "Чолпон" балетиндеги жараткан мыкты образы, андан кийин тартылган фильм-балет аны бери дегенде эле 100дөн ашуун өлкөгө жарк эттирген. Көрүүчүлөрү аял-эркек дебей анын сахнадагы жаркылдаган кабагы, келишимдүү турпаты менен ийкемдүү бийине арбалып калганын айтып келишет. "Анар", "Чолпон", "Корсар", "Ромео менен Жульетта", "Лаурансия", "Ак куу көлү", "Куйручук", "Аселди" баш кылып жыйырмадан ашуун партияны ойногон. Ал Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында 32 жыл эмгектенген. Кыргыздын чолпону 47 жашында оорудан көз жумган. Анын сүрөтү учурда кыргыз улуттук валюта сомго түшүрүлгөн.
Бакен Кыдыкеева, актриса. Төкөлдөштүн айтылуу төрт кызынын бири, кыргыздын шедеврге айланган бир нече тасмасынын көркүн чыгарган сулуулардын бири. Сөөгү таза, турпаты сөөлөттүү аялзаты тиктегенде көз карашы эрксизден кишини жалтандырганын азыркыга чейин айтып келишет. Кыргыз киносундагы "кыргыз кереметин" өмүрүнүн 60 жылын сахнага, киного арнаган бул сулуу айымсыз элестетүү мүмкүн эмес. Акыркы күндөргө чейин театрда иштеп жүргөн Кыдыкеева 1993-жылы 70 жашында жол кырсыгынан каза тапкан.
Таттыбүбү Турсунбаева, актриса. Бул сулуу Ак Мөөрдүн мекени Соң-Көлдөгү Жумгалдын Чаегинде жарык дүйнөгө келген. Кино дүйнөсүндөгү алгачкы дебюту 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасма менен башталган. 17 жашында Ташкенттеги Островский атындагы театралдык институтта окуган. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына келип иштегенден кийин жылдызы болуп көрбөгөндөй жанган. Ал өзгөчө "Ак Мөөр", "Кызыл алма", "Отко таазим" тасмалары менен элдин эсинде калды.
Ак куу моюн, кырдач мурун, кара көздүү бул актриса кыргыз коомчулугунда пайда болгондон тарта Кыргызстанда сулуулуктун эталону Таттыбүбү Турсунбаева менен ченелип калды. Бул ажарлуу айым эл алдына чыккандан баштап миллиондогон адамдын суктануусун жараткан.
Гүлсара Ажыбекова, актриса. Учурунда кыргыз кинолорунун ажарын ачып, көркүнө чыгарган сулуулардын бири. Москвадагы мамлекеттик театр искусствосу институтуна тапшырып, аны 1972-жылы бүтүргөн. Ошондон тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында артист болуп иштеген. Кыргыз коомчулугу, кино сүйүүчүлөр ажарлуу Ажыбекованы мындан 42 жыл мурда "Кызыл алма" кинокартинасындагы Сабиранын образы менен тааныган. Күйөрмандарынын көпчүлүгү Гүлсаранын "жарк" эткен жылмаюсун жактырышат экен.
Актриса кийинчерээк Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романы боюнча тартылган үч тасмада үч башка образды жаратып, күчтүү драматизмди ийине жеткире ойногон.
Кыргыздын бул сулуусу быйыл 66 жашка чыгат.
Жамал Ташыбекова, мамлекеттик ишмер. Кыргыздын дагы бир сулуусу мамлекеттик ишмер болуп эмгектенген.
1967-жылдан баштап партиялык-мамлекеттик иштерде эмгектенди. Башкасын айтпаганда да, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри болуп иштегени менен эсте калды. Бул жылдары Ташыбекова саламаттыкты сактоону, илимди, маданиятты, спортту өнүктүрүүгө көп күч жумшаган.
Замандаштарынын эскерүүсүндө ал мекендин патриот кыздарынын бири болгон. Москвада жогорку окуу жайды мыкты аяктагандан кийин, ал жердеги ири фабриканын бирин жетектеп калуу жана мыкты шарттар сунушталган. Бирок, Кыргызстанга барып иштейм деген жаш адис айтканынан кайтпай туруп алган дешет.
Замандаштары анын сулуулугу менен кошо өтө маданияттуулугун белгилешет. Ал эми аны менен иштеп калган кыз-келиндер абдан жарашыктуу жана өзгөчө кийингенин, келбеттүүлүгүн азыркыга чейин айтып келишет. Келерки жылы 80 жылдыгын белгилей турган Ташыбекова учурда Бишкек шаарында жайгашкан Достук үйүнүн жетекчиси.
Айтурган Темирова, киноактриса. Атактуу бул сулуу айым кыргыздын залкар режиссеру Болот Шамшиевдин мурдагы жубайы. Кино дүйнөсүнө 16 жашында кадам таштап, режиссердун "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасына тартылган. Ал эми "Ак кемедеги" индиялыктарча ырдаган Гүлжамал бир эле Орозкул эмес, миңдеген кыргызстандыктардын сүйүүсүн жараткан. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш темасына арналган "Снайперлер" тасмасы менен бери дегенде КМШ өлкөлөрүнүн аймагындагы элдин жалпы сүймөнчүлүгүнө айланды.
58 жаштагы Айтурган Темирова учурда Европанын Чехия мамлекетинде жашап, киносценарийлерди жазуу менен алектенип келет.