Өкмөт тоолуу аймактардагы жеңилдикти алып салууну көздөгөн мыйзам долбоорун чакыртып алды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨкмөт тоолуу шартта жана алыскы аймактарда иштеген жарандарга кошумча акы төлөөнү алып салууну сунуштаган мыйзамды талкулоо учурунда.
Өкмөт тоолуу шартта жана алыскы аймактарда иштеген жарандарга кошумча акы төлөөнү алып салууну сунуштаган мыйзамды талкулоо учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын облусунун тургундары эгер кошумча төлөмдөр жоюлса митингге чыгып, мөөнөтсүз каршылык акциясын уюштура тургандыктарын айтышкан. Дүйшөмбүдө премьер Сариев аталган мыйзам долбоору аймактарда комплекстүү анализ жүргүзүлбөстөн иштелип чыкканын белгиледи.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Өкмөт тоолуу шартта жана алыскы аймактарда иштеген жарандарга кошумча акы төлөөнү алып салууну сунуштаган мыйзам долбоорун чакыртып алды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Талды-Булак Сол жээк кенинин кызматкерлери нааразычылыкка чыгышты
Ага чейин нарындыктар кошумча акы жоюлса, нааразылык митингисине чыга турганын айтышкан. Учурда кошумча төлөм айлык акы менен пенсиянын 50 пайызын түзөт. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бийик тоолуу аймакты баалоо деңгээлин 1800 метрден 2000 метрге чейин өзгөртүүнү сунуштаган.

Премьер-министр Темир Сариев дүйшөмбү күнү жыйын өткөрүп, министрлик жана мекеме жетекчилери менен аталган мыйзам долбоорун талкуулады.

Анда өкмөт башчы бул мыйзам долбоору бийик тоолуу жана жетүүгө оор аймактарда жашаган калкка даректүү социалдык колдоо көрсөтүүгө багытталышы керектигин белгиледи. 

"Эмгек министрлиги аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда комплекстүү анализди жетиштүү деңгээлде жүргүзгөн эмес. Өлкө үчүн пайдалуу чаралар терең ойлонулуп, дыкат эсептерге таянышы керек", — деди Сариев.

Премьер-министр долбоорду иштеп чыгууда тийиштүү мекеме аймактардын социалдык-экономикалык абалына байланышкан маселелерди толук камтыбаганын кошумчалады.

Жыйын соңу менен аталган мыйзам долбоорун чакыртып алып, бардык аспектилерди эске алуу менен толук иштеп чыгуу тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0