Нурзат Токтосунова: бир айда үй алууга жеткидей акча табууга болорун билбептирмин

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова. Архив
Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктардын өткөргөн тойлору менен жергиликтүү жылдыздардын бири-бирине казган ору тууралуу белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова айтып берди.

Нурзат Токтосунованы көп деле таанучу эмесмин. Анда-санда экрандан, иш-чаралардан көргөнүм болбосо, жакындан билчү эмесмин. Таанышып, көргөндөн кийин жаштайынан атак-даңктын арасында жүргөн алып баруучунун буга чейинки чыгармачылык жолу кызык болду. 

— Сизди көп жактыра бербегендер четтен табылса керек. Шоу бизнестин насили ушундай эмеспи. Атаандаштык күч да?

— Мурда мага баары аябай жакын, мээримдүү сезилчү. Баары эле жакшынакай болуп күлүп-жайнап жүрсө ошондой ойлойт экенсиң. Бул дүйнө чынында кандай болорун эми-эми түшүнүп калдым. Бир жылы "Ысык-Көлдө кадыр түн" сынагын алпара турган болдум. Ага чейин эле бул конкурсту бир нече жолу алпаргам. 

КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
КТРК жетекчиси: жумушумдан улам, туугандарымдан чыга турган болдум
Сынактын экинчи күнүндө баарыбыз чогулуп, кийимдерибизди кийип, болгон жасалгабыз менен турабыз. Төрт алып баруучу болчу. Сценарийди көпкө чейин бербей жатып беришти. Иш-чара башталарга он мүнөт калганда кесиптешим Эрмек Нурбаев четке чакырып чыгып, мен сүйлөй турган сөздөр сценарийден алып салынганын айтты.

Мен мындайды күткөн эмесмин. Дал болуп туруп калдым. Эрмек мага өзүнүн сөздөрү менен бөлүшөрүн айтты. (Ыраазычылык билдирем, ал дайым мени колдоп келген). Тарапташтарым да колдоп кетишти. Мага кошумча микрофон беришти, иши кылса эч нерсе болбогондой сахнага чыгып, кечени алып бардым. Бирок андан кийин жаткан жериме келип өпкө-өпкөмө батпай аябай ыйлагам.

— Келиңиз башынан баштайлы. Кантип Нурзат Токтосунова болуп калдыңыз?

— Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ичке-Суу айылында жарыкка келгем. 17 жашка чейин ошол жерде болдум. Жайында боз үйдө жашачубуз. Мен кыргыз аялзатына тиешелүү нерсенин баарын жасай алам. Андан тышкары, үйдөгү сегиз баланын кичүүсү болчумун.

— Бишкекке келүүңүзгө эмне себеп болду?

Улгайган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карылар үйүнүн кызматкери: келмени деле ойлобой, кызын күткөн боюнча көз жумду
— Мен билим алгым келди. Алгач түрк лицейинен окууга каалоом күч болчу. Мага ал жердин тил үйрөткөнү абдан жакчу. Бирок менин атам-энемдин мени ал жерден окутууга чама-чаркы чак эле. 

11-классымда кыргыз тили боюнча олимпиаданы жеңип алдым. Бул мага каалаган жогорку окуу жайымды тандап алууга шарт түздү. Дароо эле "Ататүрк-Алатоо" университетин тандадым.

Бишкекке келип, туугандарымдыкында жашай баштадым. Жеңем сенден жакшы алып баруучу чыгат дей берчү. Бир күнү КТРге кыргыз тилинде мыкты сүйлөгөн алып баруучулар керек деген жарыяны окуп калып, бактымды сынап көрөйүн дедим. Менден башка 150 кыз келген. Кастинг аябагандай татаал болгон. Кудай жалгап, мен өтүп кеттим.

— Анан? Атак-даңк, акчага бөлөнүп калдыңыз? 

© Sputnik / Табылды КадырбековАлгач Алексей Филатов менен хит-парадды алып бардым. Дайым эле Алексейди мактай бергендери жаныма батып кетти. Айына 2300 сом алчумун. Жарым жылдан кийин ал жактан кетейин деп чечтим.
Интервью с телеведущей Нурзат Токтосуновой - Sputnik Кыргызстан
Алгач Алексей Филатов менен хит-парадды алып бардым. Дайым эле Алексейди мактай бергендери жаныма батып кетти. Айына 2300 сом алчумун. Жарым жылдан кийин ал жактан кетейин деп чечтим.

— Жок, каяктан… Алгач Алексей Филатов менен хит-парадды алып бардым. Дайым эле Алексейди мактай бергендери жаныма батып кетти. Айына 2300 сом алчумун. Жарым жылдан кийин ал жактан кетейин деп чечтим.

Анан эле атак-даңктуу болуп кеттим. Журналисттер издеп, интервью бере баштадым. Ошол эле маалда экономист кесибим боюнча иштөөгө белсендим. Компаниялардын биринен жетекчинин жардамчысы болуп иштеп, 200 доллар айлык ала баштадым. Айылдан келген элеттик кыз үчүн бул жакшы эле жетишкендик болчу.

— Анан айылдан келген элеттик кыз жардамчы болуп деле көпкө иштей албаса керек?

— Бир жыл иштедим. Бассам-турсам телевидениеге кайтуу оюман кетпей койду. Анан "Браво" деген долбоор башталып, мени ошого чакырып калышты. Келген коноктор менен сүйлөшүп, клиптерин көрсөтчүбүз.

— Түз эфирде ар кандай окуялар көп болот эмеспи. Сиз да мындан кур калган эместирсиз?

— Мен эфирге аябай дыкат даярданчумун. Андай учурлар дээрлик болгон жок. Бирок бирөөсү эсимде калыптыр. Биз анда лепешка, майонез анан кола менен эле тамактанчубуз. Башкасына акча жетчү эмес. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБир жолу, эфирде отурсак кесиптешим экөөбүздүн тең ичибиз курулдай баштаса болобу. Болгондо да катуу. Каткыргандан башка эч нерсе ойлоп таба алган жокпуз. Коногубуз таң калып эле калды, же биз токтоно алсакчы. Араңдап атып реклама жарыялаганбыз.
Интервью с телеведущей Нурзат Токтосуновой - Sputnik Кыргызстан
Бир жолу, эфирде отурсак кесиптешим экөөбүздүн тең ичибиз курулдай баштаса болобу. Болгондо да катуу. Каткыргандан башка эч нерсе ойлоп таба алган жокпуз. Коногубуз таң калып эле калды, же биз токтоно алсакчы. Араңдап атып реклама жарыялаганбыз.

Бир жолу, коногубуз Бек Борбиев болсо керек эле, эфирде отурсак кесиптешим экөөбүздүн тең ичибиз курулдай баштаса болобу. Болгондо да катуу. Каткыргандан башка эч нерсе ойлоп таба алган жокпуз. Коногубуз таң калып эле калды, же биз токтоно алсакчы. Араңдап атып реклама жарыялаганбыз. 

— Телевидениеде аз акча төлөйт го?

— Ооба, бирок мен үчүн той менен майрамдар дүйнөсү ачылды. Кыргыздар жер үстүндө жашап турган кезде тойлор боло берет. Бир күндө эле 500-1000 долларга чейин акча таап алса болот.

— Ставкаңыз жогору го. Жакырбыз деп коебуз анан… 

© Sputnik / Табылды КадырбековБир жолу той ээлери лилия гүлдөрүн жеке учак менен алып келдиришкен. Жок эле дегенде Казакстандан ырчыларды алдырышат. Бул көндүм эле иш.
Интервью с телеведущей Нурзат Токтосуновой - Sputnik Кыргызстан
Бир жолу той ээлери лилия гүлдөрүн жеке учак менен алып келдиришкен. Жок эле дегенде Казакстандан ырчыларды алдырышат. Бул көндүм эле иш.

— 5-10 миң долларга зал жасалгалап коюуну кеп көрбөгөндөр бар. Бир жолу той ээлери лилия гүлдөрүн жеке учак менен алып келдиришкен. Жок эле дегенде Казакстандан ырчыларды алдырышат. Бул көндүм эле иш.

— Дүйнөлүк жылдыздар да келеби?

— Ооба. Бир жолу Эрос Рамазоттини чакырышкан. Лепс, БандЭрос, Брежнева көп келет. Коноктор да дүйнөнүн ар жеринен келишет. Негизи Кыргызстандын ар дубанында ар башка. Бишкекте үйлөнүү тоюна 500дөн көп киши келиши мүмкүн, Ошто 800-900. Бир жолу Нарында элдин баарын бийге чакырып жатсам эч ким чыкпайт. Көрсө, ал жактагылар улуулардын көзүнчө бийлебейт экен. 

— Тойлорго депутаттар да келсе керек. Күндүз теледен өлкөгө күйүп сүйлөп, кечинде Рамазоттинин ыры менен элиталык ичимдик ичип отурганын көргөндө итиркейиңиз келбейби?

— Жок. Белгилүү, атактуу адамдар деле кадимки киши. Анын үстүнө эс алууга баарынын укугу бар.

— Үч жылдан бери алып баруучулардын мектебин иштетип келе жатасыз. Эмне үчүн?

— Мен өз тажрыйбамды кийинкилерге беришим керек деп эсептейм. Мектепти жаңы иштете баштаганда элүү жылдык иш тажрыйбасы бар бир алып баруучу эже келип: "Өзүң жаңы үйрөнүп жатсаң эмнени үйрөтүп кыйратасың" деп сураган. Мен мектепте мугалимдер, атайын машыктыруучулар бар деп жооп бергем. Бирок, албетте, көңүлүм чөгүп калган. Ошондо жакын досум: "Анын жашы өтүп калды. Ал пенсияга кеткенде анын тажрыйбасы өзү менен кошо кетет, Ал эми сен кимдир бирөөгө жардам бересиң" деп жооткоткон.

— Киши көппү? 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков10-15 пайызы гана алып баруучу боло алат. Көбү келишимдүү келбет менен үнү жакшы болсо эле болду деп ойлошот. Бирок андай эмес. Китеп окуш керек.
Интервью с телеведущей Нурзат Токтосуновой - Sputnik Кыргызстан
10-15 пайызы гана алып баруучу боло алат. Көбү келишимдүү келбет менен үнү жакшы болсо эле болду деп ойлошот. Бирок андай эмес. Китеп окуш керек.

— Көп. Анын 10-15 пайызы гана алып баруучу боло алат. Көбү келишимдүү келбет менен үнү жакшы болсо эле болду деп ойлошот. Бирок андай эмес. Китеп окуш керек. Мен университетке жаңы келгенде тилиңиз өтө адабий экен дегендер болгон.

— Орус тилин студент болуп жүргөндө гана өздөштүргөн турбайсызбы. Кантип алып бара баштадыңыз?

— "Жыл тандоосу" аттуу иш-чараны алып барууга чакырып калышты. Сүйлөшүп, акчасын алып койгондон кийин кечинде карасам сценарий орус тилинде экен. Паника башталды. Уюштуруучуларга алып бара албайм деп айтсам, кыска убакытта башка алып баруучу табуу мүмкүн эмес экенин айтышып, айтор көндүрүштү. Ушунчалык стресс болгон экемин, бир да катачылык кетирбей иш-чараны жакшы алып баргыдай даярданыптырмын.

— Дүйнөнүн чар-тарабынан келген абройлуу адамдар катышкан иш-чараларды алып барып жүрөсүз. Сүрдөйсүзбү?

— Жок. Кудай адамдардын баарын бирдей жараткан. Болгону кимдир бирөөгө көп берилсе, бирөөгө азыраак шыбага буюрат. Президенттер деле кадимки адам, алар да кемчилик кетирет. Бирок Владимир Путиндин алдында бир аз сүрдөгөм.

Жатакана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жашооң кандай, студент же "Оо, кукси, бизди ажалдан канча жолу сактап калдың"
— Эгер көп жыл мурдагыдай алып баруучу керек деген жарыянын алдында турсаңыз, ошол эле жолду тандайт белеңиз? 

— Ооба. Мен кыялымдагыдай жумушта иштейм. Адамдарга кубаныч тартуулап, мындан жакшы акча да табам. Мен буга чейин бир айдын ичинде Бишкектен квартира алгыдай акча табууга мүмкүн экенин билчү эмесмин. Болот экен. Шайлоодо үгүт өнөктүгүндө иштедим.

— Беш жылдан кийин өзүңүздү кандай көрөсүз?

— Мен балалуу болгум келет. Жумуштан да баш тарткым келбейт, бирок бала… бул баарынан кымбат нерсе да.

Маек орус тилинен которулду

Жаңылыктар түрмөгү
0