Венера Абыканова эженин Бишкектеги карылар үйүндө иштегенине быйыл 12 жылга аяк басыптыр, учурда чарба айымы экен. Бул жакка чал-кемпирлердин батасын алам деп келип, ошол бойдон туруктуу иштеп калганын, иш оор экенин, бирок бул жерден кете албастыгын айтып берди.
Ишке келгенден кийин тез эле көнүп кеткендигин айтып, мунусун биздин маектеш элетте өскөндүгүнөн улам деп түшүндүрдү.
— Жумушка бат эле көнүп кеттим. Мен негизи чоң ата, чоң энем менен аралашып, айылда чоңойгон кызмын да. Жаңы келгенде ата, апаларды көтөрүп памперсин кийгизүү анча деле оор болгон жок. Тазалыгын карап, кийимдерин, шейшептерин которобуз. Тырмактарын, сакал-муруттарын алабыз. Чач тарачтар айына эки-үч жолу келет. Жуунтуп-тазалантып турабыз, жаткан жерде жыт болбошуна аракет кылабыз.
Биз менен сүйлөшүп отуруп, Венера эже алигиче эсинен кетпеген бир окуяны эске салып, жардам бере албаганына жаны күйгөнүн айтып берди.
Биздин маектеш сөздүн маанайын өзү жакшыга бурду. Ал карылар үйүндөгү жашоону жандантып, жылуу сезимдерди жаратып, күлкү, шаттык тартуулаганга да аракет кылышарын билдирди.
— Бул жер кызматкерлердин экинчи үйү болуп калган, андыктан, карылардын маанайын көтөргөнгө аракет кылабыз. Майрамдарда башка күндөргө караганда өздөрү да көңүлдөнүп калышат. Андан пайдаланып, маселен, 23-февралда, 8-мартта жакшынакай кийинтип алып сулуулар сынагын өткөрөбүз. "Мисс" жана "Мистер" деп атайбыз, буга жакшы катышып беришет. Кийинип, идеяларын айтып, кошо талкуулашып, божурап сүйлөп калышат.
Биз менен маектешип отуруп ,эже жаштарга айтарым бар эле, кошуп коёсуңарбы деп суранды.
Биздин маек аяктап калганда, кызматкерлердин бири келип шейшептерди алмаштыруу туурасында сурады. Эже бизге жылмайып, майрам алдында абышка-кемпирлерге жапжаңы шейшептерди салып берели деп жаткандарын, бул майрамдык маанайдын кичинекей бөлүкчөсү экендигин айтты.
А биз аларга дем-күч, ал эми карыларга ден соолук каалап, дарылар үйүнүн короосунан узай жөнөдүк.