БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Жети-Өгүз районундагы жаңы мектептин ачылыш салтанатына катышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сариев Светлая поляна айылындагы бул мектеп Ысык-Көл облусундагы быйылкы жылы жаңы ачылып жаткан төртүнчү мектеп болуп саналарын белгилеп, жыл соңуна дейре республика боюнча жалпысынан 71 билим берүү мекемеси курула турганын кошумчалады.
"Мындан ары карай мектептерде окуучулар үчүн бардык шарттар каралып, имараттардын тийиштүү талаптарга жооп берүүсү талап кылынат. Балдарга шарттарды түзүп берүү менен катар алардын сапаттуу билим алуусуна мүмкүндүк ачылат, натыйжада келечекте алардын мыкты адистердин катарын толукташына ишеним арта алабыз", — деди премьер-министр.
Өкмөт башчынын иш сапарынын алкагында облустагы бир катар объектилерди кыдыруу жана Каракол тоо лыжа базасында кышкы сезондун расмий ачылышы күтүлүүдө.