Оюн 2:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктады. Голду биринчи таймда Виталий Люкс киргизсе, экинчи таймда Ильдар Амиров өзгөчөлөнө алды. Оюндун жүрүшүндө кыргызстандыктар үстөмдүгүн көрсөттү. Күйөрмандар дагы футболчуларды сүрөөнгө алып, аларга дем-күч берип турушту.
Атаандашын утуп алган КР курама командасынын капчыгында эми сегиз упай болсо, Бангладеш болгону бир эле упай топтой алды.
Буга чейин командалар Дакка шаарында беттешип, Кыргызстандын курама командасы 1: 3 эсебинде жеңишке жеткен.

Күйөрмандар оюн башталганга чейин эле келип, орун алышты

Беттеш алдында футболчулар дене-боюн жазууда

Командалар бир-бири менен учурушууда

Кыргызстандын курама командасы оюндун жүрүшүндө үстөмдүк көрсөттү

Буга чейин Кыргызстан курама командасы Бангладештин командасын өз үйүндө 1 : 3 эсебинде утуп алган

Беш оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстандын капчыгында сегиз упай бар, ал эми Бангладеш болгон бир эле упай топтой алды

Гооол, атаандаштын дарбазасына кирген алгачкы топ

Күйөрмандардын сүйүнүчүндө чек жок

КР курама командасынын машыктыруучусу Крестинин оюнчуларга көрсөтмө берип жатат

Кыргызстандык оюнчулардын чабуулдараны Бангладештин командасы эптеп туруштук берип жатты

Оюнчулар жеңишти камсыздоо үчүн болгон аракетин жасашты

Күйөрман кыздар беттерине Кыргызстандын желегин тартып келишти

Кыргызстандын курама командасы чукул чабуулдарды жасап, атаандашынын айласын кетирди

Күйөрмандар оюнчуларды сүрөөнгө алып, колдоп турушту

Ильдар Амировдун чабуулунан майнап чыгып, эсеп 2:0 болду

Күйөрмандар колдоруна Кыргызстандын желегин кармап алып, маал-маалы менен "Кыргызстан, алга!" деп кыйкырып жатышты

Оюндан жаракат алгандар да болду. Жыгылган Бангладештин оюнчусу

Бангладештин командасы утулуу ызасын тартты. 2:0 эсебинде Кыргызстан алдыда

Крестинин: биз бир команда болуп ойнодук. Сүйүнүчтүн жеткен чеги
