БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Бангладешти 2:0 эсебинде утуп алды.
Беттеш Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионундао өттү.
Биринчи таймда голду Виталий Люкс киргизсе, экинчи таймда Ильдар Амиров өзгөчөлөнө алды.
Атаандашын утуп алган КР курама командасынын капчыгында эми сегиз упай болсо, Бангладеш болгону бир эле упай топтой алды.
Буга чейин командалар Дакка шаарында беттешип, Кыргызстандын курама командасы 1:3 эсебинде жеңишке жеткен.
Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык оюндары 2018-жылы Россияда өтөт.