Sputnik агенттиги Кыргызстан — Бангладеш оюнун түз алып көрсөтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама командасы талаага чыгып атат. Архив
Кыргызстандын курама командасы талаага чыгып атат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik редакциясы беттешүүнү Коомдук телерадиокорпорациясынан алып көрсөтөт. Бул күйөрмандардын оюнду көрүү мүмкүнчүлүгүн арттырат.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу бүгүнкү Кыргызстан — Бангладеш оюнун түз алып көрсөтөт. 

Кыргызстан менен Бангладеш курама командаларынын Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы беттешүүсү кечки саат сегизде башталат.

Бангладештин командасынын машыктыруучусу: эртеңки оюнда Кыргызстанга кыйын болот
Коомдук телерадиокорпорациясынын жетекчилиги менен оюнду КТРКдан алып көрсөтүү боюнча макулдашуу түзүлгөн. Анткени телеканал матчты он-лайн тартибинде көрсөтүүгө укук алган жападан жалгыз маалымат каражаты болуп саналат.

Күйөрмандар оюнду Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегизден баштап www.sputnik.kg жана www.ru.sputnik.kg сайттарынан көрө алышат. Мындан тышкары, Sputnik агенттиги оюндун тексттик трансляциясын берет.

Sputnik — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги болуп саналат. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүүнү, мобилдүү тиркемелерди жана социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Атайын жазылгандар үчүн Sputnik күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай сыяктуу 35 тилде маалыматтарды таратат.

Жаңылыктар түрмөгү
0