БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жумгал районунда 9-класстын окуучусу Эркинбек Жекшенбек уулун өлтүрүүгө шектелген Жайылбек Таалайбеков камакка алынганын ИИМ билдирди.
Билим берүү жана илим министрлиги Эркинбектин жүрөк тушка урулган соккудан 19-сентябрда мектепте каза болгону тууралуу маалымат тараткан. Ага ылайык, 10 мүнөттүк танапис учурунда Эркинбекти 11-класстын окуучусу Жайылбек Таалайбеков уруп жиберген. Окуучу ооруканага жеткирилген, бирок эсине келбей жатып каза болгон.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. ИИМ Нарын шаардык соту Таалайбековду эки айга камакка алуу чечимин чыгарганын билдирди.
Милиция окуучунун өлүмүнүн себебин соттук-медициналык экспертиза аныктай турганын, бирок анын сабалганы тууралуу маалымат тастыкталганын кошумчалады.