БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жогорку соттун төрагасы болуп Айнаш Токбаева шайланганын аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, Жогорку сот төрагасынын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары болуп Качыке Эсенканов, жарандык иштер боюнча орун басары болуп Феруза Жамашева, административдик жана экономикалык иштер боюнча орун басары болуп Анархан Базаралиева шайланды.
2012-жылдын сентябрь айында Жогорку соттун төрагасы жана үч орун басары шайланган, ушул жылдын сентябрында, алардын кызматынын мөөнөтү аяктады.
Буга чейин Жогорку соттун төрагасы Феруза Жамашева болчу.