БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкек – Ош автоунаа жолунун 598-чакырымында Төрт-Көл айыл аймагындагы Бостон айылынан "Хонда-Фит" машинасынын айдоочусу жолго чуркап чыккан 1-класстын окуучу кызын койдуруп кеткенин ИИМдин Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди
Кырсыктын кесепетинен 6 жаштагы окуучу кыз Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилгенден кийин алган жаракатынан улам каза болгон.
Койдуруп кеткен 22 жаштагы кармалып, бул факты боюнча тергөө жүргүзүлүүдө.
8-сентябрда Жаңы-Арык айылы аркылуу өткөн Ош — Бишкек автотрассасынан Кулбай Ибраимов атындагы мектептин 1-классынын окуучусун автоунаа уруп кеткен. Буга нааразы болгон жергиликтүү жашоочулар жолго тосмолорду коюп, кандайдыр бир чарасын тапкыла деген талаптар менен чыгышкан.