БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош автожолунун 8-чакырымындагы Военно-Антоновка айылында чыгыш тарапка карай келе жаткан машинанын айдоочусу жолдон өтүп бараткан адамды коюп, өзү окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыкка кабылган 53 жаштагы жаран ошол жерден каза болгонун Чүй облусунун ШИИБи билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери жол кырсыгына "Мерседес-Бенс-320" унаасынын 27 жаштагы айдоочусу себепкер болгонун аныкташкан.
Бир нече убакыттан кийин айдоочу Сокулук РИИБге өзү келип, күнөөнү мойнуна алган. Алдын ала маалымат боюнча, ал мас абалында эмес болчу.
Учурда кырсыктын себептери такталып, тийиштүү экспертиза дайындалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.