БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ала-Тоо аянтында өтө тургандыктан, шаардын айрым көчөлөрү убактылуу жабыларын Жол кайгуул кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 9-сентябрь күнү эртең мененки саат 8ден 12ге чейин аза күтүү колоннасынын кыймылына жараша көчөлөрдөгү жол кыймылына чектөө киргизилет:
Резиденциядан баштап Тынчтык, Манас проспектилери боюнча Чүй проспектине чейин;
Чүй проспектинин Тыныстанов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү;
Жаш Гвардия бульварынын Жибек Жолу проспектинен Чүй проспектине чейинки бөлүгү;
Ала-Арча көрүстөнүнө жакын жайгашкан көчөлөр.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 2015-жылы 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү 96 жашында узакка созулган оорудан каза болду.