БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында такси айдоочусун сабап өлтүргөн 20 жаштагы үч жаран кармалганын Бишкек ШИИБ билдирет.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-августунда болжол менен түнкү саат 3.40тар чамасында Турусбеков менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде турган такси айдоочусуна бир кыз келип, жол кире тууралуу сүйлөшө баштаган. Андан соң уруша кетип, кыздын жанындагы эки бала айдоочуну ур-токмокко алышкан. Айдоочу кутулуп, унаага отургандан кийин окуя тууралуу милицияга кабар берүүгө жетишип, андан соң эсин жоготуп койгон.
Окуя болгон жерге келген айдоочунун кесиптеши тез жардам жана милиция кызматкерлерин чакырган. Сабалган таксист Улуттук госпиталга жеткирилген жеринен эсине келбей, жарааттарынан улам каза болгон.
Аталган факт боюнча Ленин РИИБ тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин натыйжасында айдоочуну сабаган жарандар кармалды.
Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылууда.