БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев КРдин Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча мыйзамга кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзамда ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эмгек укуктарын, ошондой эле медициналык-санитардык жардам алуу, инфраструктура объектилери, темир жол жана аба транспорт, автовокзалдар, автостанциялар, авиакассалар менен пайдалануу укуктарын бузгандыгы үчүн администрациялык жоопко тартуу каралган.
Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.