00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Зеленое будущее региона: что даст создание единого «пояса» экобезопасности ШОС
08:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
«Ала-Тоо резортто» аукциондун экинчи этабы башталды — жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, этно шаарча, ресторандар курулат
09:03
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Зачем нам нужно укреплять связи с ЕАЭС на фоне глобального торгового кризиса
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Без стереотипов и с QR-кодами: какими будут школьные учебники нового поколения
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чолпон-Атадагы сейил бакта Алыкул Осмоновдун эстелиги тургузулат

Жазылуу
Өкмөт башчысы Чолпон-Ата шаардык пляжынын абалы менен таанышып, санитардык эрежелердин сакталбаганы жана тургундар үчүн тиешелүү шарттардын түзүлбөгөнү үчүн шаар мэриясынын ишин сынга алды.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Чолпон-Ата шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы сейил бакка барып, көрктөндүрүү долбоору менен таанышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

Өкмөт башчы 18-19-июлда Ысык-Көлгө иш сапары менен болгон.

Долбоорго ылайык, сейил бак көрктөндүрүүдөн өткөрүлүп, көл жээгине Чолпон-Ата шаарынын тургундары үчүн коомдук пляж, стадион куруп, Алыкул Осмоновдун эстелигин орнотуу каралган.

"Ысык-Көлдү Алыкул Осмоновдой сүйүп, даңктап ыр жазган акын аз болсо керек. Залкар акындын 100 жылдык мааракесине карата бул сейил бакты көрктөндүрүп, оңдоодон өткөрбөсөк акын алдындагы милдетибизди аткарбаган болобуз. Ошондуктан сейил бакты көрктөндүрүү боюнча иштери сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү зарыл", — деди Сариев.

Андан соң өкмөт башчысы Чолпон-Ата шаардык пляжынын абалы менен таанышып, санитардык эрежелердин сакталбаганы жана тургундар үчүн тиешелүү шарттардын түзүлбөгөнү үчүн шаар мэриясынын ишин сынга алды.

"Эгер биздин өлкөбүз өнүксүн десек, тартипти бекем сактап жана маданиятты оңдошубуз керек. Бул үчүн жергебизге келген ар бир туристти баалап, орой мамилени, маданиятсыздыкты ташташ керек. Муну бийлик органдары менен катар коомчулук да көзөмөлгө алып, талап кылыш керек", — деди Темир Сариев.

Ошондой эле туристтик мезгил учурунда ар кандай бейбаштык окуялар үчүн облус жана район жетекчилери жеке жооп бере турганын билдирип, премьер-министр күнөөлүү адамдар жазаланарын убада кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0