"20 жылдан бери эле Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкы биргелешип иштешүүдө. Бул мезгил ичинде АӨБ Кыргызстанга 1 миллиард 300 миллион доллар бөлдү. Анын ичинен 400 миллион доллар грант жана кайтарымсыз берилген техникалык жардам болду. Мен сиздердин бул жерде иштеген командага, өзгөчө, Хираока мырзага ыраазычылыгымды билдирем ", — деди мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев.
Такехико Накао биздин өлкөгө Борбордук Азия аймактык экономикалык конференциянын (ЦАРЭС) 13-министрлик конференциясына, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыктын 20 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн келген.