31-августтан кийин Афганистан эч кимди чыгарбайт. Дүйнө коомчулугу кандай пикирде

© AFP / JOSHUA ROBERTSАфганистан Кабул шаарынан эвакуацияланган кишилер
Афганистан Кабул шаарынан эвакуацияланган кишилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Эл аралык коомчулук АКШ Афганистандан буга чейин убадалагандай 31-августка чейин өз жарандарын жана алар менен иштешкен жергиликтүү тургундарды алып чыгып кетерине күмөн саноодо.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы 31-августтан кийин Афганистандан адамдарды чыгарууга тыюу салат. Бул тууралуу талибдердин өкүлү Забихулла Муджахид Sputnik радиосуна кабарлаган.

"Биз 31-августтан кийин эвакуациялоо боюнча операцияларга жол бербейбиз”, — деди ал. 

Мындан тышкары, Муджахид Кабул аэропортуна жолдор жабык экенин айтып, ал жакка азыр чет элдик жарандар гана өткөрүлүп жатканын кошумчалады. 

Афганистандан АКШлыктарды эвакуациялоо 

АКШнын Өкүлдөр палатасынын чалгын иштери боюнча комитетинин төрагасы Адам Шифф Америка аскерлеринин Афганистандан эвакуациялоо иштерин 31-августка чейин аяктай аларына күмөн санап, алардын миссиясы узартылары боюнча пикирин айтканын РИА Новости жазган. АКШлык ЖМКлар дагы президент Жо Байден өз аскерлеринин Афганистанда болуу мөөнөтүн жакынкы күндөрү узартарын божомолдоп жатышат. Эске салсак, Байден АКШлык аскерлер Американын акыркы жаранын алып чыкмайынча Афганистанда кала турганын убадалаган. 

Анткен менен Пентагон өкүлү Жон Кирби шейшемби күнү билдиргендей, мурдагыдай эле аскерлерди 31-августка чейин чыгарып кетебиз деген максат көздөлүүдө. Вашингтон кетүүнү каалаган, өмүрүнө коркунуч туулган бардык АКШ жарандарын жана афганистандыктарды чыгарып кетет. 

"Биз эвакуациялангандардын санын кескин көбөйтө алдык. Андыктан айдын соңуна чейин бардык иштерди аяктайбыз деген ишеним бар”, — деген Пентагон өкүлү.

Ошол эле учурда Reuters агенттигинин АКШ президентинин администрациясынын өкүлүнө таянып жазганына караганда, Жо Байден Пентагондун Афганистандагы эвакуация иштерин мурда пландалган мөөнөттө аяктоо боюнча сунушуна макул болуп жатканын жазды. 

Дүйнө коомчулугунун реакциясы

Встреча глав МИД РФ и Иордании С. Лаврова и А. Сафади - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Лавров: Россия Борбор Азияда АКШ аскерлеринин болушун каалабайт
Германиянын канцлери Ангела Меркель Берлинде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, АКШнын 31-августка чейин чыгып кетүү чечими боюнча эвакуация иштеринин аяктоосунун жаңы мөөнөтү белгисиз экенин айтты. 

Ошол эле учурда Европа биримдигиндеги Россиянын туруктуу өкүлү Владимир Чижов учурдагы хаосту эске алганда АКШлык аскерлер Кабулдан 31-августка чейин чыгып кетерине ишенүү кыйын экенин кошумчалады. 

Афганистандагы кырдаал

Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирген.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0