Абийирине койдум! Курсан Асановдун соттон чыккандагы видеосу

Жазылуу
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов соттон чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип, министр Кашкар Жунушалиевге болгон пикирин билдирди.

Бүгүн, 27-августта, Биринчи Май райондук сотунда Курсан Асановдун баш коргоо чарасы тандалып, 13-октябрга чейин үй камагына алынды. Ал сотко адвокаттары Икрамидин Айткулов жана Чынара Жакупбекова менен келди.

Асанов чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна кыскача жооп берди.

"Мага карата коюлган күнөөлөргө макул эмесмин. Баары мыйзам чегинде, акыйкат тергөө жүрөт деп ойлойм. Өзүм укук коргоо органдарында иштегендиктен мыйзамга ишенем", — деди Асанов.

Ал эми "Кашкар Жунушалиевдин кысымынын негизинде айып коюлуп жатабы?" деген суроого:"Бул боюнча убактысы келгенде айтылат, азырынча эч нерсе айта албайм. Ар бир адамдын өз абийирине койдум. Убакыт-сааты келгенде сөзсүз түрдө маалымдалат",- деп жооп берди.

Курсан Асанов 14-августта Аскер прокуратурасына сурак берүү үчүн чакырылган. Башкы прокуратура ага Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүүнү Аскер прокуратурасына тапшырган.

Начальник УВД Оша Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
Алгачкы маянасын көрүп талып кала жаздаган. Курсан Асанов тууралуу 9 факты
Асанов бүгүн, 27-августта, кайрадан Аскер прокуратурасына сурак берүү үчүн чакырылган. Андан соң баш коргоо чарасын тандоо үчүн Биринчи Май райондук сотуна алып келинген.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, Курсан Асанов 7-8-августта ички иштер министринин талаптарына жана буйругуна бир нече ирет баш ийбей жана укугу жок болсо да министрдин макулдугусуз өз алдынча чечим кабыл алган. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жеке курамын башкаруусуз калтырган деп айыпталууда.

Эске салсак, Асанов 13-августта "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен кызматтан алынган болчу.

Өз кезегинде Асанов кызматтан алынганы боюнча өзүнүн пикирин билдирип, мамлекеттин, өзүнүн ар-намысы алдында таза экенин айткан.

7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ал максатына жеткен эмес. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0