Кыздар кыя өтпөгөн Келдибек: кыргыздын жигиттери майдаланып баратат

© Sputnik / Табылды КадырбековАбсолютный чемпион КР по бодибилдингу Келдибек Атайбек уулу
Абсолютный чемпион КР по бодибилдингу Келдибек Атайбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келдибек Атайбек уулу спорт залга алты жыл мурда келген. Ал убакта автокырсыкка кабылып жөн гана ден соолугун чыңдаш керек болчу. Эми анын көкүрөгү медалга, бар эти булчуңга толгон. Кыскасы, кыз да, эркек да суктанган келбетке ээ.

Кыргызстандык спортчу Келдибек Атайбек уулу спорттун оор атлетика түрү менен алектенет. Пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын абсолюттук чемпиону, рекордсмен. Бодибилдинг жана таяк тартыш боюнча Азия чемпиону. Фитнес машыктыруучу. Бул дагы чек эмес! Келечекте 10 спорттун түрүнөн чебер болгусу келет.

— Спортту тандап алышыңызга эмне түрткү болду?

Чемпион мира по бирманскому боксу, победитель ЧА по кикбоксу Михринса Ниязова - Sputnik Кыргызстан
Азия чемпиону Михринса: апамды сагынганда көйнөгүн кучактап жатчумун
— Бала кезимен актер жана спортчу Арнольд Щварценеггерге таасирленип чоңойдум. Студент куракта эркин күрөш менен алектенчүмүн, бирок жол кырсыгына кабылып аны уланта алган жокмун. Ден соолукту калыбына келтирүү максатында фитнес залга бардым. Кызыгуум артып, биротоло оор атлетикага кирип кеттим. Эки жылдан ашык штанга көтөрүп, спорт чеберине талапкер аталдым. Бирок спорт комитети тарабынан колдоо таппай акырына чейин чыккан жокмун. Азыр спорттун пауэрлифтинг, бодибилдинг, таяк тартыш түрлөрү боюнча спорт чебери аталып, бир топ мелдештерде жеңүүчү болдум. Фитнес залда машыктыруучумун. 

© Фото / предоставлено Келдибеком Атайбек уулуКыргызстандык спортчу Келдибек Атайбек уулу спорттун оор атлетика түрү менен алектенет
Кыргызстандык спортчу Келдибек Атайбек уулу спорттун оор атлетика түрү менен алектенет - Sputnik Кыргызстан
1/5
Кыргызстандык спортчу Келдибек Атайбек уулу спорттун оор атлетика түрү менен алектенет
© Фото / предоставлено Келдибеком Атайбек уулуПауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын абсолюттук чемпиону, рекордсмен. Бодибилдинг жана таяк тартыш боюнча Азия чемпиону
Пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын абсолюттук чемпиону, рекордсмен. Бодибилдинг жана таяк тартыш боюнча Азия чемпиону - Sputnik Кыргызстан
2/5
Пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын абсолюттук чемпиону, рекордсмен. Бодибилдинг жана таяк тартыш боюнча Азия чемпиону
© Фото / предоставлено Келдибеком Атайбек уулуCпорт залга алты жыл мурда келген. Ал убакта автокырсыкка кабылып жөн гана ден соолугун чыңдаш керек болчу
Cпорт залга алты жыл мурда келген. Ал убакта автокырсыкка кабылып жөн гана ден соолугун чыңдаш керек болчу - Sputnik Кыргызстан
3/5
Cпорт залга алты жыл мурда келген. Ал убакта автокырсыкка кабылып жөн гана ден соолугун чыңдаш керек болчу
© Фото / предоставлено Келдибеком Атайбек уулуСпортчу Келдибек Атайбек уулу: фитнес оңой эмес. Ошол эле күрөштө, бокста, аралаш мушташта беттеш өткөргөн балдар фитнес менен алектенүү оор экендигин айтышат. Себеби бул жерде дененин ар бир бөлүгүнө өзүнчө көнүгүү керек.
Спортчу Келдибек Атайбек уулу: фитнес оңой эмес. Ошол эле күрөштө, бокста, аралаш мушташта беттеш өткөргөн балдар фитнес менен алектенүү оор экендигин айтышат. Себеби бул жерде дененин ар бир бөлүгүнө өзүнчө көнүгүү керек. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Спортчу Келдибек Атайбек уулу: фитнес оңой эмес. Ошол эле күрөштө, бокста, аралаш мушташта беттеш өткөргөн балдар фитнес менен алектенүү оор экендигин айтышат. Себеби бул жерде дененин ар бир бөлүгүнө өзүнчө көнүгүү керек.
© Sputnik / Табылды КадырбековКелдибек Атайбек уулу: бала кезимен актер жана спортчу Арнольд Щварценеггерге таасирленип чоңойдум
Келдибек Атайбек уулу: бала кезимен актер жана спортчу Арнольд Щварценеггерге таасирленип чоңойдум - Sputnik Кыргызстан
5/5
Келдибек Атайбек уулу: бала кезимен актер жана спортчу Арнольд Щварценеггерге таасирленип чоңойдум
1/5
Кыргызстандык спортчу Келдибек Атайбек уулу спорттун оор атлетика түрү менен алектенет
2/5
Пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын абсолюттук чемпиону, рекордсмен. Бодибилдинг жана таяк тартыш боюнча Азия чемпиону
3/5
Cпорт залга алты жыл мурда келген. Ал убакта автокырсыкка кабылып жөн гана ден соолугун чыңдаш керек болчу
4/5
Спортчу Келдибек Атайбек уулу: фитнес оңой эмес. Ошол эле күрөштө, бокста, аралаш мушташта беттеш өткөргөн балдар фитнес менен алектенүү оор экендигин айтышат. Себеби бул жерде дененин ар бир бөлүгүнө өзүнчө көнүгүү керек.
5/5
Келдибек Атайбек уулу: бала кезимен актер жана спортчу Арнольд Щварценеггерге таасирленип чоңойдум

— Ооба, Instagram тармагынан окуучуларыңыздын ийгилиги менен кубанып бөлүшүп каласыз. Машыктыруучулук ишиңиз тууралуу кеп кылсак. Сизге кандай адамдар кайрылат?

— Фитнес оңой эмес. Ошол эле күрөштө, бокста, аралаш мушташта беттеш өткөргөн балдар фитнес менен алектенүү оор экендигин айтышат. Себеби бул жерде дененин ар бир бөлүгүнө өзүнчө көнүгүү керек. Оор таштарды көтөрөсүң. Акырына чейин чыдасаң жыйынтыгы кубандырат.

Көбүнчө балдар келет. Башында ден соолук үчүн баш бакса, кийин спорттун кереметтүү күчүнө берилип кесипкөй катары мелдештерге катышып кетишет.

Маселен, мен фитнес менен жаңы алектенип баштаганда 61 килограмм болчумун. Тырышып жатып ийгиликке жеттим. Көп эле киши келет, кеп андан ары улантып кетишинде.

— Күн сайын түркүн-түстүү адамдарга жардам берип келет экенсиз. Эсте калганы кайсыл болду?

— Бир байкенин салмагы 137 килограмм болчу. Досу менен мелдешип, алты айдын ичинде 37 килограмм арыктамай болот. Эгер убадасын аткарса кулундуу бээ алмак, аткара албай калса досуна бермек. Башында аябай кыйналып жүрдү. Залдын кире беришине чейин келип кайра кетип калган учурлары болду. Анын баарын мен терезеден карап турчумун. Анан чалып уруштум. Ошентип жүрүп салмагын куудук. Акыры мелдештен утуп, ыраазычылык иретинде кулунун мага берген.

Победитель международного турнира по мас-рестлингу Arnold Classic 2018 Азат Таштанбеков - Sputnik Кыргызстан
Таяк тартыш чебери Азат: Арнольд Шварценеггерди көрүп абдан таң калдым
Негизи салмактуу адамдарды эттен кетирүү оңой. Себеби организминин токсон пайызын суу түзөт да. Машыгуу жана туура тамактануунун аркасы менен төрт саатта 7 килограмм, эки жумада 20 килограмм, үч айда 42-47 килограмм арыктатып коюуга болот. Бул тажрыйбадагы нерсе!

Бир жигит "сүйлөшкөн кызым менен уруша кеттим, ал мага намысыма тийген сөздөрдү айтып ызалантты, эми ага мыкты экендигимди тактыкташым керек" деп келди. Бул адам үчүн жакшы мотивация! Азыр ошол баланын аркасынан кыздар чуркап жүрөт. Жашоодо бир топ ийгиликтерге жетишип жатат. Материалдык болбосо да моралдык жактан жардам бере алабыз. Спорт жашоодогу кыйынчылыктарды жеңгенге жардам берет. Себеби машыгуу убагында утам, жеңишке жетем, биринчи болом деген ой ар дайым коштоп жүрөт. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков2016-жылы жаштар арасында Арнольд Шварценеггердин "Арнольд классик" турнирине катышып, дүйнөдөгү мыкты 10 бодибилдинг чеберинин катарын толуктаган
Открытый чемпионат КР по бодибилдингу IFBB в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2016-жылы жаштар арасында Арнольд Шварценеггердин "Арнольд классик" турнирине катышып, дүйнөдөгү мыкты 10 бодибилдинг чеберинин катарын толуктаган

— Ошондо аялдын сулуулугу жүзүндө болсо, эркектики денесинде деп айтсак туура болобу?

— Ата-бабаларыбыз эзелтен бери сөөк-саактуу, салабаттуу, баатыр мүнөз, балбан билек жигиттерден болгон. Кийинки учурда кыргыздын жигиттери майдаланып эле баратат. Кимге кандай тиет билбейм. Мен бир гана дене түзүлүшкө басым жасап жаткан жокмун. Эркектин көкүрөгү жалындуу, намыскөй, өзү кадыр-барктуу болушу керек деп эсептейм. Эмнеге кыздарыбыз бизди чанып чет өлкөлүктөрдү тандап кетип жатат? Кеп өзүбүздө, оңолушубуз керек.

— Азыр байкап жатсаңыз керек, социалдык желеде, өзгөчө Instagram залда машыккандар үчүн жакшы жарнама болуп жаткандай. Эми мейли сүрөт жүктөсүн, бирок чектен ашкан учурлар көбөйүп бараткандай…

— Бул фитнес Кыргызстанда спорттун жаңы гана жайылып келе жаткан түрү экендигин билдирет. Баары машыгууну татып көргүсү келет. Бир четинен чеккен ашкан дагы учурлар жок эмес. Көйрөң балдар толтура. Жөн эле убактысын өткөрүп сүрөткө түшүп, кыздар менен таанышканы келишет. Керек болсо залга душка түшүү үчүн баш баккандар бар экен. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКелдибек Атайбек уулу: фитнес боюнча машыктыруучулукту аркалап, мүмкүнчүлүк болгондо мелдештерге катышып, спорттон эргүү алып жаткан чагым
Абсолютный чемпион КР по бодибилдингу Келдибек Атайбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Келдибек Атайбек уулу: фитнес боюнча машыктыруучулукту аркалап, мүмкүнчүлүк болгондо мелдештерге катышып, спорттон эргүү алып жаткан чагым

— Фитнес менен алектенгендер атайын тамактарды, витаминдерди колдонушат. Алардын айрымдары ден соолукка зыян эмеспи?

Кыргызстандагы волейбол курама команданын капитаны, Таиланддын алдыңкы клубдарынын бири Эйр Форстун оюнчусу Оңолбек Каныбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн №1 волейболчусу Оңолбек: апам боюмдун кичинелигине аябай тынчсызданчу
— Жок, кесепети тийбейт. Спорт тамактарынын курамын жакшылап окуп чыкса болот. Маселен, протеин дегенди белок деп түшүнүшүбүз керек. Аны колдонгондо эт жегендей болосуң. Ал эми гейнер — углевод. Курамы таттуу, майлуу, камырлуу тамак сымал. Аны арыкчырай адамдар салмак кошуу максатында колдонот.

Туура тамактануу боюнча айта кетсем, аз өлчөмдө жана бат азыктануу эң туура. Маселен, мен күнүнө алты маал тамактанам. Ошондо үч саата бир болуп калат.

— Спорт менен ашкере алектенүү ден соолукка зыян деп айтышат. Өзгөчө жүрөккө. Сиздер күнүнө оор таштарды көтөрүп, дененин ар бир бөлүгүнө күч келтирет экенсиздер.

— Бул биздин жумуш. Бир күндүк машыгууң калды дегичекти артка кетесиң. Сиз айтып жаткан ой да туура. 2016-жылы жаштар арасында Арнольд Шварценеггердин "Арнольд классик" турнирине катышып, дүйнөдөгү мыкты 10 бодибилдинг чеберинин катарына киргенбиз. Ошондон бери бодибилдинг тармагында бир аз эс алып жүрөм. Себеби буура сан, бука моюн денеге ээ болуу үчүн көп күч жумшап койдум. 

— Анан Арнольд Щварценеггер менен жолугушууга мүмкүнчүлүк болдубу?

— Ооба. Бирок сүрөткө түшкөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Таанышым экөөбүздүн бир эле телефонубуз бар болчу. Колун кармап саламдаштык. Аябай толкунданып ыйлагым келди.

— Кыргызстанда бодибилдинг боюнча мелдештер өтүп турат. Биз үчүн бир аз өөн учураса керек, көрүүчүлөр кандай кабыл алат?

— Жылына эки ирет өтөт. Абдан кызыгуу менен кабыл алып, спорт сарайына эл жыкжыйма болуп чогулат. Бишкекте эле бодибилдинг боюнча 120 зал бар. Сынакка ар бирөөнөн бирден бала келсе эле атаандаштык жаратат.

— Түшүнүктүү. Спорттон тыш эмне менен алектенесиз?

— Алты жыл мурда өзүмө спорт аркылуу жанымды бага аламбы деп суроо койгом. Анан ойлонуп көрүп, өзүмө он жыл убакыт берейин, эгер жолум болбосо башка жолду тандайм дегем. Азыр кудайга шүгүр, жакшы күндөр күтүп туруптур. Машыктыруучулукту аркалап, мүмкүнчүлүк болгондо мелдештерге катышып, спорттон эргүү алып жаткан чагым. 

© Фото / Мурат СаратовКелдибек Атайбек уулу: аялымдын сүрөтүн көрүп турса деле азгырган сөздөрдү жазып, керек болсо "эгер ажырашам десеңиз, сизге турмушка чыгам" дегендер бар. Күлүп келинчегиме окутуп коем
Абсолютный чемпион КР по бодибилдингу Келдибек Атайбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Келдибек Атайбек уулу: аялымдын сүрөтүн көрүп турса деле азгырган сөздөрдү жазып, керек болсо "эгер ажырашам десеңиз, сизге турмушка чыгам" дегендер бар. Күлүп келинчегиме окутуп коем

— Социалдык тармактарда жубайыңыз менен түшкөн сүрөттөрдү байма-бай жүктөп келесиз. Сизге мактоо сөздөрүн жазган кыздар арбын болсо керек. Бул ошого жооппу?

— Мен үй-бүлөм менен сыймыктанам. Аялы бар туруп жашырган балдарга таң калып, жигитчиликке чакырып кетмекмин. Жубайым 19, мен 20 жашымда баш кошконбуз. Келинчегим ар тараптан колдоо көрсөтүп келет. Спортчунун аялы болуу өтө кыйын. Мага жубай, эже, карындаш, апа болуп келет. Буюрса тун балабыз бешке чыгып, экинчисин күтүп жатабыз.

— Жубайыңыз бар экендигине карабай кат жазган кыздар арбын болсо керек?

— Аялымдын сүрөтүн көрүп турса деле азгырган сөздөрдү жазып, керек болсо "эгер ажырашам десеңиз, сизге турмушка чыгам" дегендер бар. Күлүп келинчегиме окутуп коем. Ал киши өзү жакшынакай жооп берет. Күйөрмандарымды таарынтпай, жоопсуз калтырбай ар бир билдирүүсүнө жооп бергенге аракет кылам. Арасында чын дилинен, сынап же тийишип жазгандары арбын.

— Бирок эркек балдар тийишпесе керек?

— Интернеттеги баатырлар толтура да. Башында тийишип, сынап жазышат. Анан сабырдуулук менен жооп берсең кайра сенден кечирим сурап, өздүк баракчалары аркылуу достошууга өтүшөт. 

© Фото / Мурат СаратовСпортчу Келдибек Атайбек уулу: жубайым 19, мен 20 жашымда баш кошконбуз. Буюрса тун балабыз бешке чыгып, экинчисин күтүп жатабыз
Абсолютный чемпион КР по бодибилдингу Келдибек Атайбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Спортчу Келдибек Атайбек уулу: жубайым 19, мен 20 жашымда баш кошконбуз. Буюрса тун балабыз бешке чыгып, экинчисин күтүп жатабыз

— Өзүңүз каяктын кулуну болосуз? Ата-энеңиз тууралуу да айта кетсеңиз?

— Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулуп өскөм. Жалгыз баламын, атам кичинекейимде каза болуптур. Апамдын экинчи турмушунан беш баласы бар. Мен карындашым менен инилеримди абдан жакшы көрөм. Спортко ышкыбоздор эмес, билимге сугарылып жүрүшөт.

— Актер Эмил Эсеналиев менен биргеликте тамашалуу роликтерге тартылып каласыз. Анда Эсеналиев "чала спортиктин" образында сизге байкабай тийишип алат эмеспи. Жашооңузда ушундай учур болду беле?

Предприниматель Медер Сталбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Беш айда 2 млн. сом таптым. Спорттогу ишкер Сталбек уулу менен аңгеме-дүкөн
— Эмил менин жакын досум, спортто окуучум. Негизи эле "Ак өргө сити" командасынын жигиттери менен мамилем жакшы. Жакында эле роликтегидей окуя болду. Караңгыда унаа менен кетип баратсам аркаман жол тандабас кечке сигналын басып, жолдон кысып өтүп баратты. Карасам жаш балдар экен. Айнекти ачып "жигит, орозодо урушпайлы, жөн эле үйүңө кете берчи" дедим. Өзүн жоготуп койдубу же сүрдөдүбү, билбейм, унчукпай калды. Болбосо терезени эле ачкан болчумун. Көчөдө урушуп, спорттогу артыкчылыктарды жашоодо колдонбойм. Өтө кичи пейилмин. 
© Sputnik / Табылды КадырбековОор атлетика спортунун бир нече түрү боюнча чебер Келдибек: келечекте 10 спорттун түрүнөн мыкты болуу планымда бар. Учурда кыргыз, бел боо, алыш күрөштөрүнө кызыгып жүрөм
Абсолютный чемпион КР по бодибилдингу Келдибек Атайбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Оор атлетика спортунун бир нече түрү боюнча чебер Келдибек: келечекте 10 спорттун түрүнөн мыкты болуу планымда бар. Учурда кыргыз, бел боо, алыш күрөштөрүнө кызыгып жүрөм

— Спорчуларды жан сакчы же күзөтчү болуп иштегенге сунуштар түшүп турары жашыруун эмес…

— Жаңы үйлөнгөн жылдары иштеп көргөнбүз. Анда дене-башым деле чоң эмес болчу. Бирөөнүн алдында кызмат кыла албайт экенмин. Акча үчүн байланып, намысымды тебелетким келген жок. Баса бергем.

— Алдыда кандай пландар бар?

— Таяк тартыш боюнча Кыргызстан дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Күзүндө өтө турчу III Көчмөндөр оюнунда жеке да, командалык эсеп боюнча дагы биринчи орунду алууга тапшырма берилген. Андыктан даярдыктар күч. Келечекте 10 спорттун түрүнөн чебер болуу планым бар. Учурда кыргыз, бел боо, алыш күрөштөрүнө кызыгып жүрөм.

Жаңылыктар түрмөгү
0