Азия чемпиону Михринса: апамды сагынганда көйнөгүн кучактап жатчумун

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпион мира по бирманскому боксу, победитель ЧА по кикбоксу Михринса Ниязова
Чемпион мира по бирманскому боксу, победитель ЧА по кикбоксу Михринса Ниязова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Михринса Ниязованы көчөдөн көрсөңүз сулуулугуна таң калып, чалынып жыгылышыңыз толук ыктымал го дейм... Бирок ал рингде алда канча сүрдүү, атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда беттештен баш тарттырып коет!

Кыргызстандык мушкер спорттун бир нече түрү менен алектенет. Бирма боксу боюнча дүйнө чемпиону, кикбокс боюнча Азия, пенчак силат, тайбокс боюнча КРдин чемпиону.

18 жаштагы Михринса Ниязова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спорттогу жолу, үй-бүлөсү жана келечектеги максаттары тууралуу айтып берди.

— 8-12 май күндөрү Чолпон-Атада өткөн кикбокс боюнча Азия чемпионатында алтын байгеге ээ болдуңуз. Мелдеш кандай өттү?

— Азия чемпионатына жолдомо алуу үчүн өлкө биринчилигине катышып экинчи орунду алып калгам. Бирок алтын медаль алган кыз мелдешке келбей калып ордуна мен чыктым.

Финалда таиланддык мушкер менен кармаштым. Ал менден жашы улуу жана тажрыйбалуу эле. Ошентсе да жеңиш мага буюрду. Машыктыруучум лоу-кик (санга тебүү. — ред) ыкмасын көбүрөөк колдон деди. Натыйжада 3:0 эсебинде жеңүүчү аталдым. Адатта жеңгенде ыйлачу эмесмин, булу ирет көзүмө жаш айланды. 

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаМушкер Михринса Ниязова Чолпон-Атада өткөн Азия чемпионатында алтын байгеге ээ болгон
Чемпион мира по бирманскому боксу, победитель ЧА по кикбоксу Михринса Ниязова - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Михринса Ниязова Чолпон-Атада өткөн Азия чемпионатында алтын байгеге ээ болгон

— Мен билгенден спорттун бир нече түрү менен машыгасыз. Дегеле спорт дүйнөсүнө кантип аралашып калгансыз?

— Апам убагында футбол боюнча Кыргызстандын курама командасында ойногон. 11 жашыман тарта футбол ойной баштадым, кийин үйдөгүлөр каршы болгондо таштап койдум. 16 жашымда классташ кызымдын сунушу менен бирма боксу боюнча машыккан залга келдим. Максатым — өзүмдү коргоо жана спорттук жыйынтыктарды көрсөтүү эле.

— Биринчи мелдешти качан өткөрдүңүз?

Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким? - Sputnik Кыргызстан
Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким?
— Эки жумадан кийин. Бирма боксу боюнча Кыргызстандын чемпионатына чыгып утулуп калдым. Рингден чыккандан кийин тааныштар "кандай экен" деди эле, "дагы чыгам" дедим. Чындыгында ринг мени арбап алды. Экинчи жолу тайбоксуна чыгып, анда да жеңилдим. Бара-бара намыс ойгондубу, айтор, катар-катары менен мелдештергу чыгып, жыйынтык көрсөтө баштадым. Былтыр Россияда бирма боксу боюнча дүйнө биринчилигинде чемпион болдум.

— Спортко барышыңызга үйдөгүлөр кандай карашты?

— Алар башында "сенден эчтеке чыкпайт. башыңа сокку жейсиң" деп урушкан. Машыгууларга качып кеткен учурлар болду. Медаль тагынып, ийгиликке жете баштагандан тарта ишенип калышты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСпортчу: чоң апамдын аты Мерниса экен. Меникин уйкаштырып Михринса коюшуптур. Ал араб тилинен ачык күн (ясная солнце) дегенди билдирет. Атамдын улуту — уйгур, апам — кыргыз кызы
Чемпион мира по бирманскому боксу, победитель ЧА по кикбоксу Михринса Ниязова - Sputnik Кыргызстан
Спортчу: чоң апамдын аты Мерниса экен. Меникин уйкаштырып Михринса коюшуптур. Ал араб тилинен ачык күн (ясная солнце) дегенди билдирет. Атамдын улуту — уйгур, апам — кыргыз кызы

— Бирма, тайбокс, кикбокс, пенчак силат, микс силат… Ар тараптуу болгон жакшы. Бирок профессионал болуш үчүн өзүңдү бир тармакка арнаган оң деп айтышат экен.

— Өзүм окуган колледждин чемпионатында дзюдодон да биринчи орунду алгам. Колдон келсе баарынан мыкты болгум келет!

— Аралаш мушташ (ММА) жагабы?

— Каалайм, бирок бир нерсе артка тартып турат. Балким, жаракат алуудан корксом керек.

— Сизде да башка спортчулар сыяктуу салмак куумай деген көйгөй барбы?

— Жок, рингге 51 килограмм салмак категориясында чыгам. Беттешке чыкпаган убакта көп деле салмак кошпойм. Азыр жашпыз. Жаш курак өйдөлөгөндө салмак кошулат деп калышат.

— Сиздин салмакта Кыргызстанда атаандаштар көппү?

— Ооба, өлкө биринчилиги өткөндө билинет. Бизде бокстун бардык түрүндөгү кыздар (тайбокс, кикбокс, бирма, классикалык бокс) бири-биринин мелдештерине катыша берет. Себеби оюндардын окшош жактары көп.

— Рингдеги негизги ыкмаңыз кайсыл?

— Бэкфист! 

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаМушкер Михринса Ниязова машыктыруучу Бекболсун Советбеков менен
Чемпион мира по бирманскому боксу, победитель ЧА по кикбоксу Михринса Ниязова - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Михринса Ниязова машыктыруучу Бекболсун Советбеков менен

— Бир муштап туруп экинчи кол менен айланып чапканбы?

— Дал өзү. Мен үчүн эң эффективдүү ыкма. Бирок акыркы учурда ар тараптуулукка басым жасап жатам.

— Бизге маек берген мушкерлердин бири колдон келсе атаандашын упай менен утканды кааласа, экинчиси дароо эле сокку менен жеңип алгысы келерин айтып келет. Сурайын дегеним, рингдеги мүнөзүңүңүз кандай?

— Техникага (максаттуу ыкма) эле иштегенге аракет кылам. Упайдын эсеби менен эле уткан жакшы го дейм. Бирок мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен бир учурум эсимде. Анда тайбокс боюнча мелдеште атаандашымды тизе менен ичке тепсем өзөрүп калган.

— Спорт менен машыккандарга абайлап мамиле кылгыла деп тамашалап калышат эмеспи…

— Менин ачуум чукул. Ошондуктан уруш-талашка жол бергим келбейт. Катуу кетти дегенде кыйкырып эле коем, ошол эле жетиштүү. Муштумду рингден көрсөтүш керек деп эсептейм.

— Кыз-келиндер мушташта эркектерден жаман дейт. Спортто дагы ошондойбу?

— Ошондой го, кармашта бетке муштум жегенден кийин "эми сага көрсөтөм" деп каның дүргүп чыгат. Бирок бул спортко жаңы келгендерге тиешелүү.

© Sputnik / Табылды КадырбековБоксчу Михринса Ниязова: жылуу сөзбү же сынбы билбейм, "жакшынакай жүзүң менен кантип рингде жүрөсүң" деп калышат
Чемпион мира по бирманскому боксу, победитель ЧА по кикбоксу Михринса Ниязова - Sputnik Кыргызстан
Боксчу Михринса Ниязова: жылуу сөзбү же сынбы билбейм, "жакшынакай жүзүң менен кантип рингде жүрөсүң" деп калышат

— Спортчу болуу кыйын экендигин көрүп жүрөбүз. Тамак-аш, кийим-кечек, машыгуу, мелдештерге баруу үчүн көп каражат керек. Сизди бул жагынан ким колдойт?

— Туугандар чогулуп жардам беришет. Жайкысын өзүм иштеп турам. Бир жолку контрагымды официант болуп иштеп төлөгөм.

— Спорт менен окууну айкалыштыруу кыйынбы?

— Кыргыз юридикалык академиясынын колледжинин 2-курсунда билим алам. Окуу жайда эң мыкты окуган студенттердин катарындамын. Окутуучулар менен группалаштарым мелдештерде түшүнүү менен карап, колдоп турушат.

— Бир көргөн киши сизди мушкер деп ойлобосо керек?

— Өзгөчө илмийген колдорумду көргөндө "кантип мушташасың" деп таң калышат.

— Комплимент айткандар көппү?

— Жылуу сөзбү же сынбы билбейм, "жакшынакай жүзүң менен кантип рингде жүрөсүң" деп калышат.

— Жигиттер да жаныңызды койбосо керек?

— Азыр оюмдун баары спорт менен окуу. Балдар менен сүйлөшкөнгө деле убакыт болбой жатат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМихринса Ниязова: атамдын башка бүлөсү бар. Өзү убагында бокс менен машыгып, кийинчерээк таштап койгон. Жолукканда "мен жетпеген ийгиликтерге сен жетип жатасың, азамат, ошол эле учурда турмуш курганды унутпа" деп калат
Чемпион мира по бирманскому боксу, победитель ЧА по кикбоксу Михринса Ниязова - Sputnik Кыргызстан
Михринса Ниязова: атамдын башка бүлөсү бар. Өзү убагында бокс менен машыгып, кийинчерээк таштап койгон. Жолукканда "мен жетпеген ийгиликтерге сен жетип жатасың, азамат, ошол эле учурда турмуш курганды унутпа" деп калат

— Үй жумуштарына жардамдашасызбы?

— Албетте. Үйдүн улуусу болгондон кийин бардыгына жетишишим керек. Өзүмдөн кийин иним менен сиңдим бар.

— Апаңыз футболдо мыкты оюнчу болгонун айтып кеттиңиз. Атаңыз эмне менен алектенет?

— Анын азыр башка бүлөсү бар. Өзү убагында бокс менен машыгып, кийинчерээк таштап койгон. Жолукканда "мен жетпеген ийгиликтерге сен жетип жатасың, азамат, ошол эле учурда турмуш курганды унутпа" деп калат.

— Негизи балалыгыңыз кандай өттү?

— Эрке кыз болчумун. Байкелерим менен жарамазан айтып көчөдө жүргөнүмдү билем. Апам Россияда иштечү. Сагынганда көйнөктөрүн кучактап жатканым эсимде. Кийин бөбөктөр төрөлгөндө жоопкерчиликтүү болуп кеттим.

— Михринса деп ысымыңыз өзгөчө экен?

— Чоң апамдын аты Мерниса экен. Меникин уйкаштырып Михринса коюшуптур. Ал араб тилинен ачык күн (ясная солнце) дегенди билдирет. Атамдын улуту — уйгур, апам — кыргыз кызы.

— Спортто канча убакыт болосуз? Дегеле келечекте кандай пландар бар?

Обладательница серебряной медали ЧМ по джиу-джитсу Малика Боотаева - Sputnik Кыргызстан
Жиу-житсу боюнча дүйнөнүн күмүш медаль ээси Малика: төрт баланын энесимин
— Мүмкүнчүлүккө жараша рингге чыга берем. Кийин турмушка чыкканда деле спортту таштабай, жок дегенде машыктыруучулукту аркаласамбы дейм. Быйыл күздө Индонезияда өтө турчу Азия оюндарында пенчак силат боюнча күчүмдү сынасамбы деп турам. Бизде бокстун түрлөрү боюнча профессионалдар арасында чоң ийгилик жараткан кыздардын саны өтө аз. Мен келечекте чоң жыйынтык көрсөткүм келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0