Бишкектик ишкер Медер Сталбек уулу мелдештерди уюштурууга көмөк көрсөткөн Fofingo агенттигин жетектеп, спорттон каражат табуу мүмкүн эмес деген пикирди четке кагып келет.
Сталбек уулунун максаты — элди спорттук мелдештерге кино жана театр сыяктуу баш бактырып, сергек жашоо образына үндөө.
— Эмне себептен ишкерликти спорт тармагынан өнүктүрүүнү чечтиңиз?
— Биринчи кезекте спорттун фанатымын. Мурда КРдин футбол федерациясынын жана "Алай" клубунун басма сөз катчысы катары эмгектенгем. Иш сапары менен чет өлкөгө барганда уюштуруу ишинин деңгээлин көрүп, Кыргызстандагы спорттук иш-чаралардын да маданиятын жогорулатуу зарыл экендигин түшүндүм.
— Футбол тармагына кантип аралашып калгансыз? Ишмердүүлүк эмнеси менен эсте калды?
Иш убагында көп кызыктуу күндөр өттү. "Алай" клубу менен иштешип жүргөндө беш мамлекетти көрдүм. Бир жолу Палестинага мелдешке бармай болдук. Ал жакка үч мамлекет аркылуу учуп барыш керек болду. Дин маселеси курчуган өлкө кооптуу туюлду, курал көтөргөн аскер адамдары кадам сайын текшерип турду. Оюнду бир жарым саатка болжолдоп жатканбыз. Эки команда тең чыгып калып, жыйынтыгында дагы бир жарым саатка узарып калды. Жыйынтыгында оюнду жеңип, маңдай жарыла сүйүндүк. Бирок аэропортко 15 мүнөт кечигип калып, учактан куру калдык. Билетти кайрадан сатып алып, ошентип эки эсе чыгым болдук. Көбү маалымат катчынын жумушу журналисттер менен гана иштешүү деп ойлошу мүмкүн. Бирок уюштуруу иштери да биздин моюнда.
— Бизде аккредитациядан өткөн 70тен ашык федерация бар, өтпөгөнү мындан көп. Ошонун көбүндө пресс-кызматчылар жок. Муну каражаттын аздыгы менен түшүндүрүшөт. Болгон учурда деле мелдеш учурунда гана активдүү иштегендей туюлат. Сиз буга кандай пикирдесиз?
— Мен федерацияда иштеп жүргөндө беш кишинин ролун аткарчумун: оператор, фотограф, монтажер, пиар адиси, журналист. Азыр бул кызматтарды бирден киши аркалайт. Сырттагы кишиге оңой көрүнүшү мүмкүн. Бирок чындыгында аябай эле оор. Маараке убагында элге көрүнгөнүбүз менен калган күндөрү жумуш чачтан көп.
Биздин Футбол федерациясы дүйнөлүк жана азиялык футбол уюмунун мүчөсү болуп эсептелинет. Алар биздин федерациянын көп чыгымдарын камсыздайт. Кыргызстандагы кеңседе эле 40-50 киши бар. Мен убагында 18 миң сом айлык менен иштечүмүн. Азыр мындан да көп болсо керек.
— Футбол тармагындагы ишиңизди жыйынтыктагандан кийин маркетинг боюнча иш алып бара баштадыңыз да, ээ?
Көп өтпөй шахмат боюнча 2-3 ири турнир өткөрдүк. Быйылкы жылдагы башкы планыбыз күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионатын менен III Көчмөндөр оюнун уюштурууга көмөктөшүү эле. Кудай буюруп, Азия чемпионатын өткөрүү боюнча тендерди утуп алдык. Жакында эле Улуттук олимпиада комитети менен эл аралык иш-чарада кызматташып, балдар үчүн чуркоо мелдешин өткөрүп бердик.
— Ооба, Азия чемпионаты өтө масштабдуу мелдеш. Өз өлкөбүздө өтүп жаткандан кийин татыктуу уюштуруп берип оор болсо керек?
— Менин командам өз ишинин мыкты билгени менен спорттон алыс адамдар эле. Кызматкерлер башында ошондон кыйналды. Бирок уюштуруу ишин жакшы өткөрүштү. Элге билинбегени менен көшөгө артында көп эле кыйынчылыктар болду. Маселен, ачылыш аземинде жолдор жабылып калып бийчилердин кие турчу формасы 10-15 минута калганда келди. Элестетиңиз, акыркы кызды сахнага эки минута калганда кийинттик. Ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков иш-чарага келер-келбеси арсар болуп жатты. Улам сценарийди өзгөртүп коебуз. Акыры катышты.
— Сыр болбосо чемпионатты өткөргөнгөнгө жардам бергениңиздер үчүн канча каражат алдыңыздар?
— 397 миң сом алганбыз. Эгерде жыл башынан бери болсо, беш айда 2 миллион сомдой каражат таптык. Бирок анын 20 пайызы эле киреше катары эсептелсе, калганын команданын ишмердүүлүгүнө жумшайм.
— Айрым спорттун түрлөрү көпчүлүк үчүн кызыксыз болушу мүмкүн. Сиздерде тандоо барбы?
— Алдыда кандай пландар бар?
— Быйылкы жылдын эсебинен элүүдөй спорттук иш-чараны өткөрөлү деген ой бар. Алардын ириси — өйдөдө айтып кеткендей III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну.