Таштанбеков — оор атлетика боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. 2016-жылы II Көчмөндөр оюнунда жана дүйнө чемпионатында үчүнчү орун, былтыр дүйнө кубогунда экинчи жана үчүнчү орундарды алган. Жакында эле беделдүү делген Arnold Classic турнирин утуп алды.
Каарман 1996-жылы Кемин районунун Орловка шаарчасында төрөлгөн. Учурда Мамлекетик дене тарбия жана спорт академиясынын оор атлетика боюнча машыктыруучу факультетинде 3-курста окуйт.
Азат Таштанбеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, спорттогу жолу, үй-бүлөсү жана Американын атактуу актеру Арнольд Шварценеггерге эмнеге таң бергенин айтып берди.
— Азат, соңку мелдешке баруу үчүн жардам сурап кайрылганыңызды интернеттен көрдүк эле?
— Кыргызстандын Таяк тартыш федерациясы жаш, анча-мынча кыйынчылыктар бар. Жардам сурап социалдык фонддорго чейин кайрылдык эле, майнап чыкпады. Дос-тууган, тааныш-билиштен акча чогултуп, жетпегенин карызга сурап барып келдим. Акча каражатынын жоктугунан өлкө атынан мен гана катыштым. Жалпысынан 2,5 миң доллардан ашык акча кетти.
— Турнир жеңүүчүлөргө акча төлөп бердиби?
— Башка жылга салыштырмалуу быйыл аз болду. Уюштуруучулар спортчулардан кечирим сурап, турнир жыл башында өтүп жаткандыгы үчүн каржылоо аз экендигин түшүндүрүштү. Мен 600 доллар алдым.
— Мелдеште атаандаштардан суурулуп чыгып, биринчиликке жетүү кыйын болсо керек?
Турнир жылына бир жолу Огайо штатынын Колумбус шаарында өтөт. Анткени Арнольд Щварценеггер бодибилдинг боюнча биринчи турнирин ушул жактан утуптур. Мелдеште Арнольд өзү да жүрдү. Турнир спорттун 78 түрүнөн бир убакта болгондуктан улам кызыктуу жерлерине келип, имараттын ичин кыдырып жүрдү. Аны менен сүйлөшүүгө убакыт болбосо да, сүрөткө түшүп алдык. Арнольдду өңүнөн көрүп абдан таң калдым. Кинодо чоң көрүнгөнү менен бою кичирээк экен. Карып да калыптыр. Өз доорунун даңазалуу адамы эмеспи, жүзүн көргөндө абдан толкунданат экенсиң.
— Баарына эле кызык болсо керек, таяк тартыштын чеберлери кантип машыгат?
— Өкүнүчтүүсү — бизде атайын машыгуу залы жок. Ар кайсы жактан даярданабыз. Машыктыруучулар атайын иштеп чыккан тартип менен машыгам. Күнүгө штанга көтөрүп туруу керек, ошондой эле ичкен тамактан көп нерсе көз каранды. Спарринг деп коебуз, кадимкидей отуруп алып таяк тартышабыз.
— Анда сиздердин кол көбүрөөк жаракат алса керек?
Былтыр биздин алдыңкы спортчу Ольга Шайнурова Дүйнө кубогунун биринчи бөлүгүндө бутунун булчуң талын үзүп алган. Эми убакыт керек. Азыр мурдагыдай машыгып, мелдешке катыша албай жүрөт.
— Спорттогу жолуңуз жана ийгиликтер тууралуу айта кетсеңиз?
— 2011-жылдан тарта оор атлетика менен алектенип, өлкөнүн бир нече жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү аталдым. Азыр бул спорттун түрүнөн эс алуудамын.
2016-жылы оор атлетика боюнча курама команда менен Азия чемпионатына даярданып жатканбыз. Ошол учурда таяк тартышка кызыгып, КРдин чемпионатына катышып утуп алдым. Андан кийин II Көчмөндөр оюнунда жана дүйнө чемпионатында үчүнчү орундарды алгам. Былтыр дүйнө кубогунда экинчи жана үчүнчү орундарды алып, КМШ фестивалында жеңүүчү аталдым. Ошондо азыр катышып келген Arnold Classic турнирине жолдомо алгам.
Мага оор атлетика да, таяк тартышуу да жагат. Окшош жактары көп. Бир айырмачылыгы — таякты экинчи адам менен тартасың, оор атлетикада штанганы жалгыз көтөрөсүң.
— Башка өлкөнүн атынан чыгып берүүгө сунуштар түштү беле?
— Коңшу Өзбекстан мамлекетинен түшкөн. Өткөндө Американын таяк тартыш федерациясынын президенти "бул жакта бир аз болуп тур, сүйлөшчү сөздөр бар" дегенинен сөздүн төркүнүн түшүнүп, "жумуштарым бар эле" деп кетип калдым. Болгону башка өлкөнүн атынан чыгууга намыс жол бербейт.
— Быйыл спортто кандай максаттар бар?
— Кудай буюрса, талыкпай машыгып Азия биринчилигинде, Дүйнө чемпионатында жана III Көчмөндөр оюнунда алдыңкы орундарды алышым керек.
— Биздин маекти үй-бүлөңүз тууралуу маалымат жыйынтыктасын.
— Спорттогу эң чоң колдоочум — апам. Башында мелдештериме келип турчу, кийин "сени көргөндө кыйналып кетет экенмин, үйдөн эле көрөйүн" деп барбай калды. Атам 2011-жылы каза болуп калган. Төрт бир туугандын үчүнчүсүмүн. Эжем, байкем жана карындашым бар. Учурда окуудан сырткары фитнес клубдардын биринде машыктыруучу болуп иштейм.