08:06 11 Бештин айы 2017
Түз эфир
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нуньестин реваншы. Архивдик сүрот

Жулунуп-жулкунган кыздар. Шевченко менен Нуньестин беттешинин проморолиги чыкты

© AP Photo / Eric Jamison
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин соңку беттеши (23)
543 0 0

Башкы постерде UFC 215 турниринде мушташа турган башка каармандардын сүрөттөрү жайгаштырылган, ал эми проморлик таамай урулган муштумдар, спортчулардын маңдай жарыла кубанган учурлары тартылган видеолор менен коштолгон.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Мушкерлердин дүйнөлүк ассоциациясы (UFC) социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына расмий постерин коюп, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нуньестин реванш-мушташынын проморолигин жарыялады.

​Башкы постерде UFC 215 турниринде мушташа турган башка каармандардын сүрөттөрү жайгаштырылган. Турнирдин башында оор салмактагы мушкерлердин титулдук мушташы турат. Алар чемпион Деметриус Жонсон жана ага талапкер болуп чыга турган Рэй Боргдун беттеши. Кийинки беттеш алардан жеңилирээк салмактагы Шевченко менен Нуньестин кармашы. Мындан сырткары, UFC 215 турниринде кан кызыткан дагы бир беттеш Жуниор Дос Сантос менен Фрэнсис Нганну ортосундагы болмокчу.

​Проморлик таамай урулган муштумдар, спортчулардын маңдай жарыла кубанган учурлары тартылган видеолор менен коштолгон.

Эки кыз UFC 215 турниринин алкагында 9-сентябрь күнү Канаданын Эдментон шаарында кармашат.

Эске сала кетсек, Шевченко менен Нуньестин беттеши 8-июль күнү болмок. Бирок кармашка саналуу сааттар калганда Аманда Нуньестин ден соолугу начарлап ооруканага түшкөн.

Нуньес кыз-келиндер арасында жеңил салмак категориясы боюнча дүйнө чемпиону. Ал 2016-жылы америкалык Ронда Роузду утуп, чемпион аталган. Эми эки мушкер чемпиондук үчүн мушташат.

Кыргызстандык спортчу кыз жеңил салмактагы спортчулар арасында чемпиондук наам үчүн ат салышууда.

Тема:
Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин соңку беттеши (23)

Тема боюнча

Сазайыңды берем! Шевченко менен Нуньестин кайым айтышуусу
Белгилер:
беттешүү, UFC, Аманда Нуньес, Валентина Шевченко
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ